46 мүнөт

Саат 14:07 чамасында Мадриддин борборунда бир селсаяк «LIVE LIFE LOUD» деп жазылган коробканы коюп алып топ ойноп жатты. Жөн гана ойнобостон ар кандай ыкмалар аркылуу элди топ ойноого тартып жатты. Аянттагы элдин көптүгүн айтпаса да белгилүү. Дал ошончо инсандын ичинен аны менен кошо ойноп же анын кооз ыкмаларына кызыккан эч ким чыкпады. Кайдадыр шашкан кадамдар, кош көңүл караган көздөр…Саат 14:12 болду. Анын тепкен тобуна жооп катары гана тепкен болушпаса дегеле аны менен ойноого эч кимдин көңүлү чаппай турду.

Сааттын жебеси чыкылдап 14:21ден 14:34тү каккылады. Бирок… Дале эч ким жок… Ал гана эмес анын коробкасына 1 тыйын  салып коюуну ойлогондор да болбоду.

Саат 14:47. Жок. Кош көңүл адамдар, бошко кеткен топ.

Саат 14:53. Анын аянтка келгенине туура 46 мүнөт өткөн соң гана  аны менен жаш жеткинчек кубануу менен ойноп жатты. Анын ар бир кыймылына көз чаптырып, ар бир берген тобун бошко кетирбеди… Дал ушул учурда таң калыштуу окуя орун алды. Ал селсаяк топко кичине баланын атын жазып, чыныгы жүзүн ачыкка чыгарды. Ал Криштиано Роналдо эле. Ооба, дүйнө жүзү тааныган, көпчүлүк сүйгөн, анын оюндарын кызыга карап, матчын көрүү үчүн канчалаган акчаларды короткон Роналдо. Бул учурда жанатан эч бакпаган, жада калса шашып баратканы да анын айланасына көз ирмемчелик убакытта топтоло калышты… Баары аны менен сүйлөшүп, аны менен сүрөткө түшүп, жок эле дегенде жакшылап бир көрүп алгандын аракетинде.

Чынында, Роналдонун матчынын баасы 10000 доллардан кем эмес сумма. Аны көрүү үчүн канчалаган өлкөнүн адамдары агылып келет. А аны менен ойноо бул кээ бир адамдын максаты болуш керек. Анда эмне үчүн жогоруда ага эч ким көңүл бурбады. Биз адамдардын атак- даңкына, өңү- түсүнө, байлыгына карап мамиле кылабызбы же…? Жообу жогоруда белгилүү болду окшойт.

Баалай билүү… Кандай гана улуу , кандай гана күчтүү сезим.  Бирок, аны биз көбүнчө суктануу менен алмаштырып алабыз. Чыныгы баалуулукту көрүп эмес, жүрөктөн сезе билүү керек. Кичинекей болсо да чыныгы баалуулукту  баалай билген жаш жеткинчектин жүрөгүндөгүдөй таза, аруу сезимдер бизде да болсо кана…

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}