6 ийгиликтүү адамдан 6 маанилүү кеңеш

Жашоодо кантип акчадан алда канча кымбат турган нерсеге жете алабыз? Төмөндө келтирилген 6 кеңешке көңүлүң буруңуз. Бул кеңештер эл ичинде кадыр-баркыңыздын жогорулашына жардам берет.

  1. Ричард Бренсон: Үйүңүздөн сыртка баш багыңыз.

Сый-урмат сизди кол жеткис бийиктикке көтөрөт, бирок ага жетүү үчүн алгач жерде эмгектенүүңүз кажет. Миллиардер жана Virgin Group компаниясынын негиздөөчүсү Ричард Брэнсон — абдан жөнөкөй жана ачык-айрым адам. Ал жүргүнчүлөр жана экипаж менен кадимкидей маектешип, алардын көз караштарын блокнотуна жазуудан же болбосо, жеке өзү кол астындагыларды мактап, ыраазычылыгын билдирүү үчүн чалуудан эч  эрденбейт. Чыныгы кадыр-барктуу инсандар жетишкен ийгилигинен улам эч качан менменсинип бой көтөрүшпөйт. Алар көбүнчө бийик хан сарайларда эмес, карапайым үйлөрдө турушат. Элге аралашпаган адамдым кадыр-баркка ээ болуусу кыйынга турат. Эгерде жетекчи кабинетинен чыгып, кызматкерлери менен жакшы мамиле түзө билсе жана кекирейбесе, анда кызматкерлердин жумушка жөндөмү жогорулап, кылган ишинен ырахат, канааттануу таба алышат.

  1. Диана Найад: Чарчоодон жана көңүл калуудан алыс болуңуз.

Көбүнчө адамдар 60 жаштан ашкандан кийин токууну же бакча кароо менен алектенишет. Диана Найад өзүнө Кубадан Флоридага чейин антиакулалык капасты колдонбой туруп сүзүүнү тандады. Ал 64 жаш курагына карабай жаңы рекорд орнотту. Эрдик анын сүзүүсү — бул 177 километр, 53 саат, кусуу, күнгө күйүүлөрү жана туздуу суудан жабыр тарткан терисинде эмес, анын эрдиги бул анын алгач 29 жашынан  1978 жылдан берки бешинчи жолку аракети болгондугунда жатат. Ийгиликсиз төртүнчү аракетинен кийин ал бул аралыкты сүзүп өтүү мүмкүн эмес деп эсептеген, бирок бул да аны токтото алган жок. Улуу адамдар бийик максаттарды коюп  аларга талпынышат. Диана да картайган курагы оорчулук жаратса да алдына ушундай максатты койду жана акыры оюна да келбес жыйынтыкка жетишти.

  1. Стив Джобс: Жасаңыз жана жаратыңыз.

Өнүгүп жаткан тармактарга зор салымын кошкон адамдар шексиз түрдө жогору бааланат. Ал эми тобокелге салып, көйгөйлүү маселелерди чечип, революциялык идеяларды жана өнөр жайдын жаңы тармактарын жараткан адамдар дүйнө жүзү боюнча таанылып, атак-даңкка жана урмат-сыйга ээ болот. Appleдин башында Стив Джобс турганда, компаниянын аты революциянын синонимине айланды: iPod CD-плейерлерди жок кылды, iPhone смартфондорду жаңы деңгээлге чыгарды, iPad болсо планшеттер эрасын ачты. Джобс өзүнүн жаңы өндүрүмдөрү менен таанылды, бирок тарыхка өзүнүн инновациялары менен кирди. Эмнени жакшыртуу керектигин эмес, эмнени жаратуу кажеттигин издеңиз!

  1. Ханбийке Диана: Адамдарга кызыгуу менен көңүл бөлүп, алардын жашоосуна катышыңыз.

Башчылардын көңүлүн өзүнө буруу үчүн карапайым адамдар көп аракет жумшоосу керек. Ханбийке Диана жөнүндө мунун тескерисин айтууга болот: ал ВИЧ илдетине чалдыккан адамдардан тарта эң атактуу адамдардын турмушуна болгон кызыгуусу жана катышуусу анын өзгөчөлүгү эле. Анын «Ар бир адамды баалай билүү зарыл. Жана ар бир адамда потенциал катылган» деген сөзү маанилүү. Баарына көңүл бөлүп чыгуу мүмкүн болбосо да, улуу инсандар бөтөн адамдардын артыкчылыктарын байкап, баалай билишет. Алар айланасындагы адамдар менен гана мамиле кылып чектелбестен, мүмкүн болушунча башка адамдар менен да мамиле түзүүгө кызыкдар болушат.

  1. Билл Гейтс: Эч качан кайырмакка илинбеңиз.

Бир кезде Стив Джобс Билл Гейтс жөнүндө жагымсыз билдирүү жасаган: «Анын элестетүү жөндөмү такыр жок жана ал өзү эч качан бир нерсе ойлоп тапкан эмес, ал жөн гана бөтөн адамдардын идеяларын уялып да койбой колдонуп келген». Адам катары Джобстун өзүндө деле кемчиликтери жок эмес эле, жана Гейтс өзү ал жөнүндө билген аз эмес факттар жана маалыматтарды колдонуу менен ага каршы жооп кайтаруусу мүмкүн болгон. Буга карабастан, Гейтсти Джобстун сөздөрүнө комментарий берүүсүн суранышканда, ал абройун түшүрбөй ага айтылган критиканы жокко чыгара алган жана жадагалса Джобсту анын персонасына кызыкканы үчүн мактоого жетишкен. Андыктан, Билл Гейтс дүйнө жүзүндө эң кадыр-барктуу инсандар тизмесинин так башын ээлеп турганы таң калычтуу эмес.

  1. Арнольд Шварцнеггер: Жаңы горизонтторду өздөштүрүңүз жана жаңы өзүңүздү жаңы долбоорлордо сыноодон коркпоңуз.

Эгерде сиз өз тармагыңыздын туу чокусун багындырып бүтсөңүз, мүмкүн таптакыр башка тармактарда ийгилигиңизди сынап көрүүгө убакыт келип жеткендир. Культуристтен терминаторго, терминатордон губернаторго. Арнольд Шварцнеггердин карьералык жолу чындыгында таң каларлык. Улуу адамдар жаңы чөйрөлөрдү өздөштүрүүдөн же жаңы иш баштоодон эч коркушпайт. Алар алдыга бийик жана кенен максат коюшат. Качан биз алгачкы көзгө көрүнөрлүк ийгиликтерге жетишкенибизде, кийинки даражага чыгууга бет албасак, андан ары өспөй ошол калыпта калып кетүү коркунучуна такалабыз. Анын жыйынтыгы катары, биз өз жашообуздан канааттануу таппайбыз. Жашоо тажрыйбасынын кеңейүүсү — жаңы жана белгисиз нерсе менен алектенүүгө жетиштүү шыктандыруу экенин эсте тутуңуз.

 

Которгон Шамшидин кызы Элнура

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}