Дүйнөнүн жети керемети

Дүйнөнүн жети керемети
Бир күнү мектепте «Дүйнөнүн жети керемети» деген темадагы сабак өтүлөт. Тапшырмада ар бир окуучу өз алдыларынча дүйнөнүн жети кереметин жазыш керек болот. Ар ким өз көз карашында жети кереметти сүрөттөп жазышат. Мугалим окуучулардын жазгандарын топтоп жүрүп, бир кыз жазып бүтө элек экенин көрүп, андан:
— Жардам берейинби сага? — деп сурайт.
Кыз:
— Ооба, жардам бериңизчи. Мен кайсыларды тандасам туура болоорун билбей жатам, дүйнөдө кереметтер абдан көп экен, — дейт.
Анда мугалим:
— Кана, кайсыларды тандадың? Жазганыңды окучу, анан биз сага жардам берели, — дейт
Кыз бир аз кыңылдап өз алдынча бир нерселерди окумуш болду да:
«Мен үчүн дүйнөнүн кереметтери…» — деп жазгандарын окуп берди. Мугалим болсо аябай таң берип, мээрим толгон көздөрү менен карап турду. Баракта жазылган кереметтердин баштапкы жетөө төмөндөгүлөр эле:
1)Көрүү
2)Угуу
3)Кыймылдоо
4)Дене
5)Жүрөк
6)Күлүү
7)Сүйүү кереметтери
«Жашоонун өзөгүн өзгөрткөн 100 окуя» китебинен алынды

Даярдаган: Сүйүнаалы Жакыпов

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}