Ааламдагы асыл тукум алп жылкылар

Самсон Дүйнөдөгү эң чоң жылкынын каймана аты Самсон. Анын бою — 2 метр 20 см, ал эми салмагы -1.52 тонна. Тилекке каршы, Самсон азыр жок. Бирок, анын рекордун бир да жылкы жаңырта элек. Ал дүйнөдөгү эң бийик жылкы болуп азыркы убакка чейин кала берген. Бул гигант Улуу Британияда 1846-жылы туулган, анын ээси Томас Кливерс болгон. Самсон төрт асый болгондон кийин мамонт атка конгон.Нобби

Ааламдагы асыл тукум алп жылкылар

Жаңы рекордду багындыра турган жылкылардын бири (каймана аты) Каскобм Норурем же жөн эле Нобби. Ал азыркы мезгилдеги эң чоң жылкылардын бири. Ноббинин салмагы бир тоннадан ашык, ал эми бою — 2 метр, 5 см. Анын салмагын чакан унаанын салмагына салыштырса болот. Азыркы мезгилде Нобби Австралиянын Шир аймагында жашайт. Ноббинин чоң атасы дагы сексенинчи жылдары Улуу Британияда дүйнөдөгү эң чоң жылкы аталган. Нобби өсүүсүн дагы деле токтото элек, ээсинин айтымы боюнча Нобби рекордсмен Самсонду басып өтөбүз деген ою бар.

Биг Джейк

Ааламдагы асыл тукум алп жылкылар

Дүйнөдөгү эң чоң жылкы наамын Реминтон аттуу жылкы 2010-жылы алган, анын бою ал учурда 2 метр болчу. Анын рекордун дүйнөлүк Гиннестер китебинде жаңырткан бельгиялык жылкы Биг Джейк. Азыркы мезгилде он бир жашта. Анын бою — 2 метр 17 см, ал эми жерден баштап кулагынын учуна чейин — 3 метр, 5 см. Биг Джейк боюнун узундугу менен эле эмес, 2600 кл салмагы менен да белгилүү. Анын жанына кандай гана адам барбасын эргежел болуп калат.

Дюк

Ааламдагы асыл тукум алп жылкылар

Учурда Улуу Британияда жашаган (каймана аты) Дюктун бою — 2 метр, 7 см. Бул жылкынын ээси Дюктун гигант болушуна чоң эмгегин жумшайт: өзгөчө диетага олтургузуп, күчтүү тамактардан берип, эң жогорку алманын сорту жана витаминдүү чөптөр менен азыктандырат. Ал эми Дюк ээсинин эмгегин актап, дагы деле өсүүсүн токтото элек. Балким, ал келечекте чындап эле эң чоң жылкы болот деп ишенет ээси.

По

Ааламдагы асыл тукум алп жылкылар

Азыркы мезгилдеги эң чоң жылкылардын бири (каймана ыты) Пого белгилүү жазуучу Эдгар Аллан Понун ысымын ыйгарышкан. Понун бою — 2 метр, 8 см, жерден кулагына чейин — 3 метр, 5 см, салмагы — 1360 киллограмм. Бул жылкынын ээси канадалык фермер Шерин Томсон Пону дүйнөлүк Гиннестер китебине киргизүүнү каалайт. По күнүгө 2 түк чөп, 8 кг. арпа, 75 литр суу ичет.
Анарбек уулу Акыл

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}