Аалымдардан асыл кеп

Жашоо сага тоскоолдуктар, сыноолор жиберсе, анда аларды тикендер деп бил. Бирок, кайгыра бербе! Жакын күндөрдө бул тикендер гүлүн да көрсөтөт.

*
Жакшылык изде, тууралык изде, сулуулук изде, болгону ката издебе.

*
Тоодой бийик болсоң да, кепинге бата тургандай кичүүсүн.

*

Үмүтсүздүккө түшпө. Үмүтсүздүк шайтандан. Үмүт кылуу Аллахтан.

*
Кудайга жетүү жолу өтө көп. Силер болсо, Аны сүйүү жолун тандагыла.

*
Рухтун сулуулугу дененин сулуулугу сыяктуу бат көрүнбөйт.

*
Инсандарды жакшылап тааны. Ар инсанды жаман деп билип, кутулууга шашылба. Ар бир инсанды жакшы деп билип да, өзүңдү алаксытпа.

*
Шайтандын кылмышкери — адеп.

*
Өзүмчүлдүк — көзгө тагылган күзгү. Кайсыл жерге караса да өзүнөн башкысын көрө албайт.

*
Кимдин сүйүүгө көңүлү жок болсо, ал канатсыз куш сыяктуу.

*

Тилди тарбия кылуудан алдын жүрөктү тарбияла. Себеби сөз жүрөктөн келип, тилден чыгат.

*
Сени сүйгөндөрдү уу болсо да жут. Сени сүйбөгөндү бал болсо да унут.

*
Таарынуу жолдорун издегенден көрө, сүйүү, сүйүлүү жолдорун изде.

*
Баары башкалардын айыбын издеп жатканда, сен өзүңдүн айыбыңды издөө менен алек бол.

*
Эй көңүл! Жанды ачыштырган дарт,бул — айрылуу. Бирок, анын ичинде сүйүү деген шыпаа бар.

*
Убактылуу сүйүү жок. Сүйүүнүн баары түбөлүктүү. Айырмасы кимдир санатчынын санатын көрөт, кимдир санатчынын өзүн.

*
Бизди билгендер билет, билбегендер өзү билет.

*
Адамзат дүйнөнү басат, бирок оозун баса албайт.

*
Инсанды таануу деңиздин үстүнө Лаура коюп, деңиздин түбүн кароого аракет кылгандай кыйын иш.

*
Же тутула турган даражада жакын бол, же унутула тургандай алыс бол.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}