Ачка жүрүү пайдалуубу?

Нобель сыйлыгы жыл сайын ар кыл тармакта ачылыш жасаган окумуштууларга жана тынчтыкты сактоо үчүн салым кошкон дүйнө лидерлерине берилип келет. Өткөн жылы медицина тармагы боюнча Нобель сыйлыгы ачкачылык пайдалуу экенин далилдеген япон окумуштуусуна берилди берилдиБыйыл Швециянын илимдер академиясы физиология жана медицина боюнча Нобель сыйлыгын Япониянын молекулярдык биологу Йосинори Осумиге берди. Бул тууралуу «Комсомольская правда» булагы маалымдоодо.

Ал аутофагия (сөзмө-сөз которгондо «өзүн-өзү жеп коюу») кубулушун ачкан. Дал ушул аутофагиянын натыйжасында адамдын организми бузулган ткандарынан жана клеткаларынан өз алдынча кутулат.

Ачка жүрүү пайдалуубу?

Дүйнөлүк окумуштуулар япон профессорунун жетишкендигин жогору баалап жатышат. Анткени аутофагия механизми иштебей калган кезде организмде көптөгөн оорулар, анын ичинде онкологиялык оорулар пайда болот. Бул процесс организмдеги карылыкка дагы жоопкер болот. Эгерде бул мехенизмдин кандай иштей турганын билсе жана аны жөнгө сала турган болсо медицина алдыга карай болуп көрбөгөндөй секирик жасамакчы.

Ачка жүрүү пайдалуубу?

Изилдөөгө таянсак, аутофагия процесси адам стрессти же болбосо ачкачылыкты башынан өткөргөндө күчөйт. Профессор Осуминин ачылышы азырынча теориялык мүнөздө болгонуна карабай, дүйнөлүк ЖМКлар диетанын жана орозо кармоонун пайдалуу экени жөнүндө көптөгөн макалаларды жазышууда.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}