Ачууланбай туруп ойлонуңуз

Чоң бир аба жайдын күтүү залында бир жаш кыз кезектеги өзүнүн учагын күтүп отурган эле. Убакытты өткөрүү үчүн, кызыктуу китеп жана бир пакет бадырак сатып алат. Бираз эс алуу үчүн ВИП залдан орун алып, отуруп калат. Аңгыча кыздын жанына бир жигит келип отуруп, ал да китебин ачып окуй баштайт. Кыз сатып алган пакетинен бадырактарды жей баштайт. Кыз бир бадырак алып оозуна салган сайын, баягы жигит да ошол пакеттен бир бадырак алып оозуна салат… Таң калган кыз, дагы бирөөнү оозуна салат аркасынан жигит да бирөөнү алат… Кыз абдан жинденип эмне дээрин билбей абдан таң калат, бир чети жинденип, ичинен жаман көрөт. Ошентип пакеттеги бадырактын баарын жеп салышат. Пакетте бир даана бадырак калган болот. Кыз алдыдагы бадыракты карап турса жигит аны алып экиге бөлөт да жарымын кызга берет. Кыз абдан жинденип аны алып жейт. Ошентип бадырак да бүтөт.Кыздын учагынын убактысы келип кыз ылдам басып, жини келип учакты көздөй кетет. Учактагы оордуна үшкүрүнүп оттурат да кол баштыгын ачса өзүнүн алган бадырагы толугу менен бузулбай турган болот. Көрсө бадырак баягы жигиттики болгон болот… Кыз китепке алаксып өзүнүн кол баштыгынан бадырагын алып чыкканды унутуп калган болот. Ушундай уялат, аябай кайгырат. Кайрадан барып жигиттен кечирим сурайын десе учагы кетип калчудай… Ошентип үшкүрүнүп отуруп калат…

Туугандар жашоодо аркага кайрылып келбей турган учурлар болот. Алар: колдон ыргып чыккан таш, ооздон чыккан сөз, бир шанс качкандан кийинки учур жана өтүп кеткен убакыт… Бир нерсени кылаардын алдында жети ченеп бир кесүү бул жакшы нерсеокшойт деп калам кээде…

Кыргыз санжырасы

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}