Адал менен арам

Такыба кишилердин бири Абу Бакр Варрак бир жолу: «Таң эртең уйкудан тургандан кийин, маңдайымдагы кишилерге карап, кимдин адал, кимдин арам тамак менен тамактанганын айта алам» – деди.
Жанындагылар:
– Устаз, аны кантип ажыратасыз? – деп сураганда, ал мындайча түшүндүрдү:
– Кимде-ким таң ата элек бекер сөзгө берилип, аны-муну жамандап, гыйбат менен ушакка кирсе, демек ал кечинде арам тамак жеген. Ал эми ким таң эрте тургандан кийин Алланы эстеп зикир кылып, күнөөлөрү үчүн кечирим тилеп, тобо кылса, ал адал тамак жегендин белгиси. Анткени адал да, арам да адамдын күнүмдүк турмушуна таасирин тийгизери бышык.
«Периштени ыйлаткан наристе» китебинен

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}