«Адам болом!»

Беш жашар баладан сурадым:

-Келечекте ким болосуң?
-Адам болом!

Наристеден мындай жоопту угам деп үч уктасам түшүмө кирбеген. Миллионер, президент, министр, депутат, жок эле дегенде аким же биз бала кездегидей космонавт болом дегенди күткөм… Кудайга шүгүр, далайлар үчүн материалдык байлык менен бийлик бакыт–таалайдын туу чокусундай туюлуп калган ушул заманда мындай жооп айткан бөбөктөрдүн бардыгы, мекенимдин, дегеле адамзаттын жаркын келечегине болгон ишенимимди күчөттү.
Адам деген атка башыбыз кара, бутубуз айры болуп төрөлгөнүбүз үчүн эле татыктуубуз десек жаңылышабыз. Адам кейпинде айбан, ал тургай шайтан болгондор канча. Напси менен эрк – кимдин ким экенин аныктоочу лакмус кагазы сыяктуу. «Напсинин кулу болуп жеген–ичкенди, дене рахатын кандырганды гана билгендер малдын, ал эми байлык–бийлик сыяктуу жеке кызыкчылыктары үчүн адам өлтүргөндөн кайра кайтпагандар жырткычтардын деңгээлине түшөт. Ал эми эрки менен напсинин азгырыгын жеңе алгандар, Жараткандан корккондор, оору–сыркоо, жетим–сагыр, бей–бечарадан садага аянбагандар, сөзү жана иши менен жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаргандар, чөйрөгө зыяны эмес пайдасы тийгендер гана – адам деген атка татыктуу» деп бир рухий устатым айтты эле.

Бай же бий болуу – адам болуунун көрсөткүчү десек андан да терең адашабыз. Шылуундук менен байлык топтоо да, өкүмдарлык тизгинин кармоо да, балким, өтө кыйын эмес. Бирок, аларга адал жол менен жетүү оңой болбойт. Эгер жетсең, адалдыктын арты дайыма берекелүү жана кайырлуу.

Илгери бир амалкөй, өз дегенде өнтөлөп жанын берген, эртедир кечтир кылгандары үчүн Кудай алдында жооп берерин билбеген бир жаш адамга акыл айтып оңой албаган акылман атасы: «Адам болбойсуң», – деген экен жаны кашайганда. Түлкүдөн өткөн айлакерлиги, алдамчылыгы, кошаматчылыгы жана сыйкалыгы менен арадан бир топ жыл өткөндөн кийин тигил бала бир өлкөгө падыша болуп калыптыр. Ошондо атасын алдына алдырып келип:

-Мени адам болбойт дедиң эле, минтип падыша болдум. Буга эмне дейсиң? – дептир табасы кана, кекээрленип.

Уулунун адеп–ахлагынын өзгөрбөгөнүнө, тескерисинче, жүрөгүндөгү менменсинүүсү, текебердиги андан бетер ашынганына өкүнгөн акылман карыя, мыйыгынан жылмайып:

-Балам, мен сени падыша болбойсуң деген эмесмин. Адам болбойсуң дегем. Айтканымдай эле, дале адам болбоптурсуң, аттиң, – деп уулунун бул дүйнөдөгү жана акыреттеги али келе элек азаптуу абалын ойлоп, көзүнө жаш алып, терс бурулуп чыгып кеткен экен. Анткени, атанын назарынан калуу Кудайдын каарына кабылууга тете экенин акылман мыкты түшүнгөн. Анын үстүнө, алмайдын бермейи бар, көп берилген ырыскы үчүн сурак да оор болот.

«Зордун түбү кор» деген сөз, балким, ошондон калгандыр.

Чындап эле, адам болуу оңой эмес. Бир адам, кайыр сураган байкушту абдан аяп, жүз сом бергени чөнтөгүнө колун салып, ошол замат пейили тарып, жүз эмес он сом берсемделе жетет деп ойлоп, аягында бир эле сом сууруп чыгып садага кылып кеткен экен. Адам ыйманы ушунчалык тез өзгөрөт. Ошон үчүн «Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу» дептир кайран залкарыбыз Чыңгыз Айтматов.

Кыргызстанда чыныгы адамдар көбөйсө экен. Анткени, өлкө үчүн адамдан өткөн байлык жок. Адам байлыгынан аксасак алтын кенибиз, мунайыбыз, суубуз жана акчаларыбыз өнүгүүбүзгө өбөлгө боло албайт. Анткени, аларды жаркын келечегибиз үчүн туура, майнаптуу пайдалануу же ысырап кылып, кирешесин сол чөнтөккө солоп, арам иштерге сарптоо – адамдарыбыздын сапатынан көз каранды. Ошон үчүн, «Ата балага жакшы тарбиядан өткөн байлык жана мурас калтыра албайт» деген накыл кеп калган.

Беш жашар наристенин мага берген жообу биздин улуттук, ал тургай универсалдуу идеологиянын өзөгүнө айланса кана, аттиң.
«Адам болом»!

 

Нуржигит Кадырбеков(Ант романынан)

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}