“Адам жакшылыкты жерден таап албайт, адамдан үйрөнөт”

Улуу адам жанындагылардан да улуулук касиетти көрүүгө умтулат экен да…(“Аскада калган аңчынын ыйы”)

***

Адамдагы эң башкы нерсе анын эрки жана акыл – эси! (“Тоолор кулаганда”)

***

Адамдын ички дүйнөсүнүн байлыгы, акыл – эси качан модага айланар экен? (“Аскада калган анчынын ыйы”)

***

Баарынан жаманы, баланын жан дүйнөсү. Баланын назик сезимин бузбоо керек. Адам дал ушундай жаралган тура: адам жанын муздатып, тоңдуруп алуу оңой, аны кайра эритүү кыйын, кыйын түгүл мүмкүн эмес. (“Кызыл алма”)

***

Кыязы ар бир адамдын журогу сулуулукту энсейт тура. Бул касиет адамдын табиятында болот тура. (“Кызыл алма”)

***

Уруксатсыз бирөөнүн жан дүйнөсүнө үңүлүү жакшы адеп эмес. (“Тоолор кулаганда”)

***

Адамдын күзгүсү – адам.
Көп иштесең – көп, аз иштесең – аз аласың. (“Атадан калган туяк”)

***

Байлыгыңды алып койсо өлбөйсүң. Эптеп күн көрүп кетесиң. А эгер абийириңди тепсеп салышса, эч ким аны кайра тазарта албайт…(“Кылым карытар бир күн”)

***

Көз – адамдын өзү, анын ичин да, тышын да айтып туруучусу. (“Кассандра тамгасы”)

***

Устат дегенибиз жаныңда туруп, “андай кыл, мындай кыл” деп сөөмөйү менен сайып көрсөтүүчү эмес, өзүнүн иши аркылуу ак – караны айыра тааныткан киши.

***
Аял назиктиги менен улуулугу – анын адамгерчилик этикасы коом канчалык жаныланып өзгөрүлсө да, сакталууга тийиш… (“Аскада калган анчынын ыйы”)
***

Сүйүү деген бир гана жолу бир кезде агарып аткан тан, ошондой, а түбөлүккө жарыгын чачып турар таң болбойт. (“Тоолор кулаганда”)

***

Өзүнө ой -санаасы, руханий дүйнөсү шай келишкен адамды жолуктуруудан өткөн бакыт жок… (“Тоолор кулаганда”)

Топтогон:Жыпара Дөөтказы кызы

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}