Адамдагы асыл сапаттар

Көпчүлүк энелер “баланы төрөйт экенсиң, бирок, кыялын кошо төрөбөйсүң” деген сөздөрдү кези келгенде көп эле айтып калышат. Адамдын мүнөзү ата-эненин берген тарбиясынан, өзүн курчаган чөйрөнүн таасиринен калыптанат жана тукумдан да берилет. “Ар кимде бар ар кыял, ал кыялды ким тыяр?!” демекчи, ар бир адамдын эч кимдикине окшобогон кыялы айрым учурда жанындагыларга жакшы маанай тартууласа, айрым учурда терс таасирин тийгизет.

БЕРЕШЕН

Берешен мүнөзгө ээ адамдар колунда барын жетим-жесирлерге, муктаж болгондорго таратып берет. Ал бул мүнөзү менен тегерек-четке алынып кетет. Кыргыз элинде илгертен бир урууда же бир айылда эл баккан берешен адамдар дайыма чыгып турган.

БҮЙРӨ

Бүйрөлүк – адамдагы жакшы сапаттардын бири. Бүйрө адамдар – өз жашоо-тиричилигине тың, алыш-катыштын ордун билгендер. Мындай адамдар “чыгаша болмоюнча киреше кирбейт” дешкени менен чыгашанын чыгышына жол бербегенге аракет кылышат. Тууган-туушкан, дос-тааныштарына да каралашканды унутушпайт.

СЫЛЫК

Сылык мүнөз адамдардын ар биринде эле боло бербейт. Бул мүнөз адамдар менен баарлашууга келгенде эле байкалат. Сылык адамдар айланасындагы улуу-кичүүлөргө, кызматтагылар менен карапайым адамдарга сылыктык менен бирдей кайрылып, дайыма салам берүүнү унутушпайт. Ошондуктан, кыргыз элинде “сен деген – сенек сөз, сиз деген – сылык сөз” деген макал бар. Сылык адам жүрүш-турушу менен башкаларга үлгү боло алат.

ДААНЫШМАН

Даанышман дегенге татыктуулар – төрт тарабы тең төп келген адамдар. Андайлар акыл жагынан да, сырткы келбет жагынан да алдыда болот. Баскан-турганы, сүйлөгөн сөзү менен башкаларга үлгү боло алчу адам.

Адамда жогоруда айтылган жакшы сапаттардан сырткары да элпек, чыйрак, сабырдуу, боорукер сыяктуу бир нече мүнөздөр бар. Адамдын өзүнө-өзү сынчы болуусу дагы өзүн жакшы алып жүрүшүнө өбөлгө болот. Жакшы сапаттардын ээси кайсы жерде болбосун урмат-сыйга ээ. Андыктан, ар бир жаш адам жаманаттыга конбоско аракеттенип, өзүнө оң сапаттарды сиңириши кажет.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}