Адамды түшүнө билүү(эссе)

Адамдын табияты миң кырдуу, миң сырдуу. Аны түшүнүү аябагандай чоң аракетти, түйшүктү, терең билимди талап кылат. Ансыз алыстагыларды коёлу, жаныбызда жүргөндөрдү түшүнбөй, кокусунан эле мамилелерибиз бузулуп, не болгонун билбей толгон- токой маселелерге кабыла беребиз. Демек, эң оболу адамды түшүнүү эң олуттуу, эң орчундуу нерсе экен. Анткени чыр-чатактын баары жөнөкөй көрүнгөн, чоң сөз кылууга анчалык арзыбаган нерседен бири-бирин түшүнбөстүктөн келип чыгат турбайбы. Ар ким өзүнүн чындыгын бербей бой тирешип туруп алса, экинчи адамдын сөзүнө кол шилтеп өзүм билемдикке өтсө, мындай абал тез эле түшүнбөстүккө, кагылышууга, пикир келишпестикке алып келет.

* * *

Ким өзүн менменсип бийик көтөрбөсө, «меники гана туура» деген калпыс ойдон алыс болсо, бирөөнү түшүнбөстүк илдетинен кутулат. Анткени адам ар дайым субьективдүү ой жүгүртөт. Чындык деген көп кырдуу түшүнүк. Бүгүн сен пир туткан чындык эртең анык калп болуп калышы ыктымал. Ошондо эл алдында уят болуп каласың. Ушуну унутпа.

* * *

Обу жоктук кылып текеберлене бербей башкалардын пикирин, оюн сыйла. Ал айтып жаткан сөздүн маани-маңызына жетүүгө аракеттен. Сөздөрдүн түпкү маанисин кулагыңдын сыртынан кетирбе. Башкаларды да өзүңдөй көр. Кызуу кандыкка, жеңилдикке алдырба. Айтылып жаткан пикир-ойду аягына чейин сабыр кылып ук. Сенин пикириңе туура келбесе да кандайдыр бир туура келе турган, үндөшө, жакындаша турган жактарын изде. Бул сенин маданияттуулугуңдан, сөз болуп жаткан маселеде терең билимиң бар экендигинен кабар берет.

* * *

Бирөөлөрдү түшүнө билүүнүн эң ыңгайлуу жолу кечиримдүү болуу. Ошондо сен түшүнбөстүктөн келип чыккан ар кандай балээден алыстайсың. Кечиримдүү болуу адам баласынын тибиятындагы улуу касиет. Айкөл, ийкемдүү, даргөйү кең адамдар гана ушундай жолго баралат.

* * *

Өзүңдүн акыл-эсиңди, билимиңди, көз карашыңды тынымсыз өстүрсөң гана башкаларды түшүнө билесиң. Көп нерсеге кызыгып, өзүңдүн тар чөйрөңдөн эртерээк чыгышың керек. Ошондо гана кичинекей дүйнөңдөн өйдө көтөрүлүп, башкаларга болгон мамилең оң жагына өзгөрүлөт. Тар түшүнүктөрдөн, өзүмчүлдүктөн, кыска ой жүгүртүүдөн кутуласың.

* * *

Бул дүйнөдө жаның жыргаган бейпил жашоонун негизги өзөгү – башкаларды түшүнө билүү. Балким менин бул оюм кайчы пикирлерди туудурушу ыктымал. Бирок барып-келип адамды түшүнө билүү жашоо философиясынын эң жогорку тепкичине таандык. Муну менен адам өзүнүн интеллектуалдыгын, зиректигин, маданиятын көрсөтөт. Мындай деңгээлге жетише алсаң, сенин олуядан айырмаң жок.

* * *

Бүгүн биздин коомдо саясый кырдаал өтө курч. Ар кандай саясый күчтөр атаандашуусун улантып жаткан учур. Ошондуктан дал бүгүн бири бирибизди түшүнүшүү аба менен суудай керек болуп турат. Атаандаштарынын пикирин укпаган тарап элдин колдоосунан оолактап, акыры четке сүрүлүп калары турган иш. Бир өлкөдө жашап туруп бири бирибизди сыйлай билгенибиз, түшүнө билгенибиз абзел. «Бычакты өзүңө ур, оорубаса бирөөгө ур», – деп ата-бабаларыбыз эбак эле устарадай курч сөзүн айтып салган. Адамды түшүнүп, пикирин сыйлай билүү адамдагы асыл сапаттардын бири экенин эстен чыгарбайлы.

Эгемберди Эрматов

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}