Адамдын акылы тууралуу…

Адам баласын, ойлонтуп, түйшөлтүп, кубантып, ар бир маалыматты анализдеп, ак-карага ажыратып, ар бир кыймылыбызды башкарып турган мээ тууралуу кызыктуу маалматтытарды сунабыз. Баса, мээнин функциясы тууралуу изилдөөлөрдү б.з.ч 400-жылы эле мысырлыктар менен гректер баштаган экен.1) Мээнин алдыңкы бөлүгүндө кыйынчылыкты сезе турган же кайсы бир көйгөйлүү маселеге таасир этип, адамды кайгыга сала турган, кыжалат кылып, түйшөлтө турган рецепторлор болбойт.

2) Мээ адамдын денесиндеги эң майлуу жер, мээнин 60 пайызы майдан турат.

3) Мээ, адам баласын акылдуу кылуу үчүн өмүр бою жаңы нейрондорду иштеп чыгарып турат.

4) Алкоголь, нейрондордун арасын алыстатып мээнин иштөөсүнө кедергисин тийгизет. Алкоголь ичимдигин колдонгондор акылынан айнып калганы ушундан болсо керек.

5) Үндү чыгарып китеп окуу, ымыркай же кичине бала менен узакка сүйлөшүү анын акылынын өсүүсүнө таасирин тийгизет.

6) Кубануу, коркуу, бактылуу болуу, уялуу сыяктуу сезимдер адам менен бирге төрөлөт, тек гана бул сезимдердин өнүгүшүнө тарбиянын таасири өтө чоң. Ошон үчүн, өспүрүмдөрдү кулк-мүнөзүнө карап айыптоонун кереги жок, ал сиз берген тарбиянын гана натыйжасы.

7) Мээнин сол жак бөлүгү дененин оң тарабын, мээнин оң жак бөлүгү дененин сол тарабын башкарат.

8) Мээ, кайсы бир маалыматты жай анализдегенде 0,5 м/сек же ылдам анализдегенде 120 м/секундада маалыматтын анык-каныгына жетип, ак-карага ажыратып коёт.

9) Биздин мээбиз, дененин 2 эле пайызын ээлегенине карабастан, денедеги энергиянын 20 пайызын иштетет. Ал эми энергиянын калган 80 пайызы башка органдарга кетет.

10) Көп жылдар бою окумуштуулар кулакта пайда болгон чууну, кулактын механикалык функциясына байланыштуу деп келишкен, бирок андай эмес экен кулакта пайда болгон чуу мээнин функциясына байланыштуу экен.

11) Биз ар бир жолу көзүбүздү ирмегенде, мээ жумуш иштеп турат. (орточо эсеп менен күнүнө 20 000 жолу көзүбүзду ирмейбиз)

12) Биздин жылмайганыбыз, күлгөнүбүз оңой-олтоң иштерден эмес. Күлгөн учурда мээнин бардык 5 бөлүгү бирдей кызмат кылат.

13) Адамдын бир күндө эле оюна келген ойлордун саны 70 000.

14) Эмне үчүн уктайбыз? Биринчиден физикалык жактан, экинчиден психикалык жактан чарчагандыктан. Кээ бир изилдөөлөргө караганда уктаган учурда айрым кереги жок ойлор тазаланат.

15) Мээнин салмагы адамдын, акылдуу же акылсыз болуусуна байланыштуу эмес. Мисалы: Эйнштейндин мээси 1230 грамм болгон. Бул жөнөкөй адамдын мээсинин орточо салмагынан да жеңил.

16) Мээде 100 миллионго жакын кан ташыган майда кан тамырлар бар.

17) Мээ, кычкылтексиз 4-6 минут эле жашай алат.

18) Биздин мээбиз бизди көп алдайт. Айрым маалыматтарды чындыктан алыстатып кабыл ала алат.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}