Биз дүйнөнү өзгөрттүк, дүйнө бизди өзгөрттү


Өз заманынан алдыга озгон кишилер саналуу гана чыгар. Кыргыз эли эле эмес, дүйнө эли чыгармаларын сүйүп окуган залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов көпчүлүк баамдай албаган жагдайда жөнөкөй адамдагы улуу сапаттарды баамдай билген. Сүрөткер, залкар жазуучунун учкул кептери менен жан дүйнөңүздү байытыңыз.
«Дос кыйынчылыкта билинет» дешет. Менимче, кубанычта да билинет.

*
Миңдеген адамдардын арасында сен жалгызсың, жалгыз өзүң калганда да жалгызсың.

*
Тил — улуттун кубанса кубанычы, кайгырса кайгысы жана акыл-эси. Тилсиз улут болбойт.

*
Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз.

*
Биз дүйнөнү өзгөрттүк, дүйнө бизди өзгөрттү.

*
Эгер Ата-Журт деген баштыктай сүйрөп, өзүң менен алып жүрөр нерсе болсо, анын баасы сокур тыйынга да татыбас эле.

*
Өмүрдүн чыныгы баркы, бактысы да ишенимде.

*
Адам кандай гана татаал абалда калбасын, ал өзүнүн бийик адамдык наамын, адамдык мартабасын түшүрбөөгө милдеттүү.

Адамга эң кыйыны- күн сайын адам болуу!

Топтогон: Сүйүнаалы Жакыпов

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}