Ак карлуу-Антарктида

Антарктикада дээрлик Түштүк уюл тегеригинин ичинде жайгашкан материк. Аянты 14,4 млн км². Жээктеринде булуң-буйтка аз, бийиктиги ондогон метрге жеткен муздуу тик жарлардан турат. Тынч жана Атлантика океандары тараптан Амундсен, Росс, Уэделл деңиздери материкке кыйла кирип турат.Ошондой эле Антарктида деп Антарктида материги жана анын тегерегинде жайгашкан аралдар аталат.

Антарктида расмий түрдө 1820-жылы 16 -январда Фаддей Беллинсгаузен жана Михаил Лазаревдин жетекчилигинин астында орус экспедициясы тарабынан ачылган. Алар «Восток» жана «Мирный» аттуу кемелери менен калың катмарлуу музду жиреп сүзүп барышкан. Мурун түштүк материк бар болгондугу гипотетикалык түрдө ырасталчу, кээде аны Түштүк Америка жана Австралия менен бириктиришчү. Бирок Фаддей Беллинсгаузен жана Михаил Лазаревдин экспедициясы алтынчы материктин бар болгондугун тастыктаган.

Континенталдык аймагына биринчи болуп \»Антарктик\» аттуу норвегиялык кеменин капитаны Кристенсен жана табигый илимдеринин окутуучусу Карстен Борхгревинк 1895 жылы 24 январда бут шилтешкен.

Дүйнөдөгү эң бийик материк-Антарктида тууралуу кызыктар:

1. Антарктиданын кээ бир өрөөндөрүндө эң жогорку температура +14,5 °Cга чейин көтөрүлөт.

2. Бул аймакта пингвиндер жашашат.

3. Антарктида — дүйнөдөгү эң чоң талаалардын бири болуп саналат.

4. Дүйнөдөгү эң суук жер-Антарктиданын тоо кыркалары. Бул жерде төмөнкү температура-93,2 °Cга чейин жетет.

5. Антарктиданын кургак өрөөндөрүндө, Мак-Мердодо 2 миллион жылдан бери жаан да, кар да жаабайт.

6. Жер планетасынын кургак өрөөндөрүн байырлаган кумурскалар Антарктида да кездешет.

7. Антарктиданын кээ бир өрөөндөрүндө шамаалдын ылдамдыгы 320 км/с.ка чейин жетет.

8. Антарктидагы Эребус тоосу -күйүп турган вулкандардын катарын толуктайт.

9. Антарктида -сойлоп жүрүүчү жаныбарлар жашабай турган жападан жалгыз континент.

10. Антарктида территориясы Австралиядан 5,8 млн. квадрат километрге чоң.

11. Антарктидада 40 миллион жылдан бери келе жаткан муздар бар.

12. Муздун орточо калыңдыгы 1,6 км.

13. Антарктидада эч качан тоңбогон көл бар.

14. Ошондой эле, мектеп, оорукана, мейманкана, почта түйүндөрү, интернет, сыналгы жана уюлдук телефондор иштеген кичинекей шаарлар бар.

15. Антарктида -бул жер планетасындагы эң суук, эң бийик, эң кургак жана шамаал көп болгон материк.

16. Антарктида -убакыт, мөөнөтү жок жападан жалгыз континент.

17. Бул жерде 80% суунун запасы жайгашкан.

18. Антарктидада кызыл шаркыратма бар. Окумуштуулар анын өңүн темир менен байланыштырышат.

19. Антарктиданын территориясында жалгыз бир банкомат бар.

20. 2000-жылы Антарктидада 11 000 квадрат километр көлөмдөгү айсберг жарылган.

21. 1994-жылдан баштап аталган континентте иттер менен жол жүрүүгө тыюу салынган.

22. Антарктидага жумушка барам деген адам сөзсүз тишти жана сокур ичегини алдырып салганы оң.

23. Антарктидагы муздардын эриши гравитациянын (пайдалуу кендерди байытуунун методу) өзгөрүшүүнө алып келген.

24. Мындан 40 млн.жыл мурун Антарктидада Калифорния сыяктуу ысык болгон.

25. Антарктидада 1% гана кургак жер бар, калганы муз менен капталган.

26. 1977-жылы суук материкте биринчи аргентинец төрөлүш үчүн Аргентина Антарктидага кош бойлуу аялды жиберген.

Эл деми

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}