Ак түстүү жаныбарлар же альбиностор…

Альбинизм – бул гендик жаңылуу жана аны жаратылыштын касиети деп эсептеген туура эмес. Аны дарылоо да мүмкүн болбогондуктан бул жаныбарларды түбөлүк табигый түсүнөн ажыратчу дефект болуп эсептелет. Эгер түгөй жаныбарлардын экөө тең альбинизм оорусу менен жабыркаса, анысы тукум улайт, а бирок бирөөсү гана ооруса, баласы ден соолугу чың болуп туулат.

Ак арстан

Учурда дүйнө жүзүндө болгону 300 ак арстан бар. Алар ЮАРдын батышындагы – абдан чоң зоопаркта – Санбондо жашашат. Бул жерден алар аңчылардан (браконьерлерден) сак болуп жана да ачкачылык менен ар кандай илдеттерден коркпой жашай алышат. Алар гана эмес башка дагы кээде кездешүүчү жаныбарлардын түрлөрү бул жерден көбөйүп, келечек кура алышат.

Ак түстүү жаныбарлар же альбиностор...
Аман калган ак түстүү тыйын чычкан

Эгер сиздер , буга чейин бул тууралуу билбеген болсоңуздар, айбанаттар альбинизм-тукумдаштарына абдан негативдүү көз карашта болушат. Өзгөчө бул жагдайда тыйын чычкандарда абдан коркунучтуу: өзгөчөлүү түстөгү тыйын чычкандары тукумдаштары бала кезинен эле жок кылып өлтүрүп салышат. Андыктан мындай жаныбарды токойдон кезиктирүү абдан кыйын. Ошол себептүү, сиздер көрүп турган тыйын чычкан кантип аман калды экен деп таңгаласың.

Ак түстүү жаныбарлар же альбиностор...
Өзгөчөлүү эки баштуу ак жылан

Ялталык зоопаркта жыландардын кээде кездешчү түрү – эки баштуу королдук жылан-альбинос пайда болду. Зоопарктын директорунун айтымында, бул жылан эки баштуу болуп жаралган жыландардын арасында аман калган миллиондун бири болуп саналат.

Ак түстүү жаныбарлар же альбиностор...
Ак акыра альбинизм менен оорушпайбы?

Биз айтып аткан ак түстүү акыралар жаратылышта өтө эле сергек кездешет. Атайын адис Чарльз Фолинин ою боюнча, жираф альбинизм тукумунан эмес, бирок анын денесинде тактары башкалардан айырмалангандыктан ал мутация да болушу ыктымал.

Ак түстүү жаныбарлар же альбиностор...
Кенгуру-альбиностор

Кенгуру-альбиностор жаратылыштын өзгөчө жандыктары. Эсеп боюнча, мындай кенгурулардын бирөө 10-15 кадимки кенгуруга туш келет. Германиянын түндүгүндөгү Марлов деген жаратылыш паркында Альберта аттуу ак түстүү альбинос-кенгуру жашайт. Жакында атайын айбанаттарды изилдеген сайттардын бири Альберта бөбөктүү болгонун жазды. Таңгалыштуу, анын тууган баласы ак эмес, а кадимки кенгурулардай кара түстө. Ага Жоу деген ысым ыйгарышкан.

Ак түстүү жаныбарлар же альбиностор...
Кереметтүү ак павлиндер

Негизинен павлиндерди (кыргоол түрүнө кирүүчү кооз жүндүү тоок) декоративдик максатта кармашат, тактап айтканда азыр аларды кооздук үчүн багып калышты. Ал эми мурда аны кадимки канаттуулардай эле эт азыгы катары колдонушчу. Павлиндер суукка жакшы чыдай алышпайт жана да каалоолору жок көбөйүшпөйт, башка канаттуулардын түрлөрү менен оңою менен тил табыша алышпайт. Дан азыктары, өсүмдүктөр жана курт-кумурскалар менен тамактанышат. Ак павлиндер Пакистан менен Индияда жашашат жана чынында эле көркү көздү суктандырат.

Ак түстүү жаныбарлар же альбиностор...
Кээде кездешүүчү аллигаторлор

Кээде кездешүүчү аллигаторлорду жаратылыштан кезиктирүү кыйын. Анткени, табиятынан мыкаачы келген жырткыч тукумдаштары аларды аман койбоору шексиз.

Де-Факто

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}