«Акчага кызмат кылбай аны башкаруу керек!»

Акчаны сарамжалдуу колдонуу сизди ийгиликке гана жетелейт. А биз тескерисинче акчаны сарамжалдуу колдонууну билбейбиз да ийгиликтен үмүт кылабыз. Алтургай, ийгилик мага жылмайбай жатат деп арызданып да жиберебиз. Жок, ийгиликке жетем десеңиз эң ириде акча кармаганды, топтогонду, коромжу кылбаганды үйрөнуңүз.Сарамжалдоо жолдору:

1.Милдеттүү түрдө киреше жана чыгашаларыңызды так жазып турууга дептер ачып алыңыз. Бул сизге мурунку жолу максатсыз, ашыкча коротуп алган суммаңызды эскертип турат.

2. Сөзсүз түрдө пландап иш кылыңыз. Мисалы, тие турган айлыгыңыздын суммасын алдын ала жазып, аны ай бою кандай жактарга жумшоо жана алар канча сомго чейин болушу керек экендигин болжолдоп чечип алганыңыз оң. «Качан акча болгондо ошондо ойлоноюн» десеңиз жаңылышасыз. Статистика боюнча лоторея билетинен чоң сумма утуп алгандар тез эле пайдасыз жактарга жоготуп алышат экен. Кандай учур болбосун алдыңызда конкреттүү максат болбосо акчаңыздын үнөмү азаят.

3. Айлык акы алган же башка булактардан чоң суммадагы акча колуңузга тийген күнү сабырыңызды ичке кармап эч кандай соода-сатык ишине барбаңыз. Антпесе, капчыктагы көп сумманын эйфориясы менен өтө муктаж эмес, же кымбат баалуу бир нерселерди сатып алып планыңыздан четтеп кетесиз.

4. Маяна акыңыз тийген сайын «эч нерсеге» же болбосо «кара күндөргө» дейбизби, айтор белгилүү бир сумманы жок, белгисиз катары катып туруңуз жана ал ай санап көбөйүүгө тийиш. Бир сыр — ашыкча капчык тууралуу сизден бөлөк эч ким билбөөсү керек.

5. Көчөдөн капысынан «арзандатуу 50%, 70%» деген сыяктуу жарнагы бар дүкөндөрдү көрсөңүз баш бакпаңыз. Мындай амал менен соодагерлер сизге чыгымдан бөлөк эч нерсе алып келбейт. Өзүнүн сатылчу баасы 500 сомдук буюмду 1000 сом деп жазып туруп, арзандатуу менен 600 же 500 сом болот десе сүйүнүп алып алууңуз ыктымал. Бирок бул жерден сиз жеңилесиз.

6. Ар бир аялзатынын капчыгында «ушул мага керекпи?» деген фраза жазылып турганы дурус. Бул ыкма менен сиз ар кандай соода ишин кылып жатканда капчыкты ачып окуганыңызда, ошол убакта укмуш жагып, алгыңыз келип жаткан нерсе чындап зарылбы же жокпу так ойлонуп, каражатыңызды сарамжалдай аласыз.

7. Акчаңызды ири купюра бойдон майдалатпай сактасаңыз жакшы жыйынтык берет. Анткени болор болбос нерселерди сатып алууда 5000 сомдукту сууруп чыккыңыз келбей ашыкча чыгымдан кутуласыз.

8. Кошумча киреше булагын издеңиз. Ал сизге ашыктык кылбайт.

9. Кредит же үстөк кошулуучу акча алуудан качыңыз. Ал сизге болуп көрбөгөндөй чыгым жана түйшөлүүнү алып келет. Жакшысы карызга гана ала турганыңыз оң.

Акча тууралуу кантип туура ойлонуу керек?
Сиздин акчага болгон эмоционалдык мамилеңиз маанилүү болгону менен жеңил ойлуулукка түртүп коюшу ыктымал.

Ар убак акча жетишсиз болгон адамдарга акчалуу адамдар жек көрүндүгө айланат. Андыктан коркуу, кыжаалаттануу, көрө албастык, таарынуу сыяктуу терс сапаттардын ээси сиз болуп калбашыңыз үчүн аларга баа берүүнү үйрөнүңүз.

Азырынча ишке ашуусуна көзүңүз жетпей турган ири сумма талап кылынуучу идеяңыздын тегерегинде тынчсыздана берүү керек эмес. Тек гана кантип жолго коюунун жолун издениңиз.

Кендирди кескен каражаттын жоктугу кимди гана болсо ойлондурбай койбойт. Бирок «жок» же «алган акчам карыздарыман ашпайт», «качан көп акчалуу болор экенмин» деп өзүңүзгө да, Жаратканга да нааразы боло берүүнү токтотуңуз.

Медициналык изилдөөлөрдүн негизине таянсак «акчаны кантип табам» деп асан кайгы болуп ойлоно берген адамдар күнүгө ден соолугунун начарлашына 5% салым кошо берет экен. Ал эми аз дагы болсо «каражатымды кандай башкарам, ар убак чөнтөгүмдө акча болуп туруусу үчүн капчык тартибин кандайча түзөм» деп ойлонгондор картаюудан алыс.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}