Акыл жаштан, асыл таштан

Бир сапар жүк ташуучу чоң унаа тоннелге кирүүгө аракет жасайт. Бирок ал өтө бийик болгондуктан тешиктин кире беришинен эле кептелип калды. Толугу менен кирип кетүүгө кенедей эле, бир 1-2 сантиметр эле жолтоолук кылып туруп алды окшойт. Кыскасы, жол бүтөлүп, артта жеңил унаалардын тыгыны пайда болду. Ачууланган айдоочулар азан-казан түшүп, чурулдай баштады. Ал аңгыча ушундай окуялар боюнча маселе чечүүчү жол кызматкерлери да келип калышты. Алар канча аракет кылса да машинени алдыга түртүп киргизе албай, артка да тартып чыгара албай убара болушту.Ушул учурда чакан үй-бүлө жеңил автоунаасы менен тыгынга келип калат. Алар да көпчүлүк катары бул жолдун ортосунда эмне болгон жыйын деп сонуркашып, тоннелдин оозунда эмне кыларын билбей отуруп калышкан жол кызматкерлердин жанына басып келишет. Иштин чоо-жайын түшүнгөндөн кийин ата-эне кол куушуруп: “Биздин колубуздан келбей турган иш экен” деп алаканын жайып четке чыгып баратса, алардын жетегинде жүргөн кичинекей кызы жумушчуларга кайрылып: “Байкелер, дөңгөлөктүн желин кичине чыгарып койсо, машине батып кетет го”, — деген экен.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}