Акылдуулардын 10 өзгөчөлүгү

Өзүңүздү акылдуумун деп эсептейсизби? А андан да акылдуу болгуңуз келеби? Чын чынына келсек көп учурда биз башкалардын көзүнө акылдуу болуп көрүнгүбүз келет.Акылдуу болуш үчүн сөзсүз эле том-том китеп окуп же илимий даражага жетүү шарт эмес. Жөн гана өзүңүздү ар тараптан өнүктүрүп, кээбир акылдуу инсандар ээ болгон сапаттарга умтулуңуз, үлгү алганды үйрөнүңүз.

Акылдуулар ээ болгон 10 сапат

 

  1. Алар көп сүйлөбөйт, көп угат. Көп тыңшаган адам гана акылдуу болот деп эсептешет.
  2. Алар өзүнүн кесиби менен бирге башка да кесиптерди өздөштүрө билген. Ой жүгүртүүсү кенен, өздөрү жана башкалар кызыккан нерселерди сөзсүз окуп билишет.
  3. Алар жеке кызыкчылыктары менен бирге үй чарбасын эриш-аркак алып жүрөт, эч качан чарчадым дебейт. Бир эле учурда эс алганды жана иштегендида өздөштүрүшкөн. Баардык ишти чын ыкласын коюп аткарышат.
  4. Алар да интернетке киришет, бирок жөн эле сүйлөшүп, же музыка угуп,кино көрүш үчүн эмес, акылын керектүү маалымат менен азыктандырыш үчүн.
  5. Иштеп жаткан иши оюндагыдай болбой, ийгилик аларга жылмайбаган учурда да алар жылмаюуусун токтотпойт. Акылдуу адамдар эч качан ачууланып,кылып жаткан ишин таштап салып, басып кетпейт. Шашкан шайтандын иши дегендей, сабырдуулук гана ийгиликке жеткирет деп эсептешет.
  6. Өздөрүнун акылдуу экени, башкаларга караганда ой жүгүртүүсү кенен экени аларга белгилүү, бирок бул жөнүндө башкаларга сөз кылууну эп көрүшпөйт.
  7. Эгер алар жетекчи болсо команда менен бирге ийгиликке жетүү үчүн бардык күчүн жумшайт.Башкаларга өрнөк болуу менен бирге аларга да көмөктөшөт.
  8. Башкаларда жок артыкчылыктарга ээ болсо да алар бул мүмкүнчүлүктөрүн көпчүлүккө көрсөтпөйт.Керек болгон учурда гана көрсөтүшөт. Башкалардын алдында акылдуу болуп көрүнүү үчүн, кээбир кадамдарга барууну туура деп эсептешпейт.
  9. Акылдуу адамдардын өзгөдө жок өзгөчө таланты бар. Ошол эле учурда башкаларда бар айрым сапаттар алар да жок болуп калышы мүмкүн.
  10. Кандай гана жагдай болбосун ал адамдар сизди эч качан ыңгайсыз абалага калтырып, акылсыз кылып көрсөтпөйт. Бирөөнү жаман кылып көсөтүү менен өзүң жаман көрүнөрүң алар өздүк тажрыйбасында башынан өткөргөн.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}