\»Чатуранга\», \»шатрандж\», \»шахмат\»

Көпчүлүгүбүз шахмат оюнуна анча көңүл бурбай келебиз. Шахмат оюну адамдын аң-сезимин, шыгын өстүрүүгө жардам берет. Шахмат – мээси кыйын иштегендердин оюну.Спорттун бул түрү адамды акылдуулукка, сабырдуулукка, сактыкка үйрөтөт дешет адистер. “Шахмат” сөзү кыргыз тилинде “ханды жазалоо, жеңүү” деген түшүнүктү берет. Шахмат оюну мындан эки миң жыл мурун Индияда пайда болгон. Ал кезде бул оюн “чатуранга” деп аталган. Чатуранганын аянты 9х9 сантиметрди түзүп, төрт гана күчтүү фигурага ээ болуп, ошол кездеги Индия жоокерлеринин катар-катар тизилген бөлүктөрүн сүрөттөгөн. Шахматтын атасы болгон чатуранганын дагы бир өзгөчөлүгү – анда жуптук түгөйдө жалпысынан төрт оюнчу ойногон. Жол жүрүүдө атайын сөөктөрдү ыргытышып, ошонун жыйынтыгына карап фигураларды жылдырышкан. Фигуралардагы айырмачылыктар – хан, мунара, ат учурдагы эле жол менен жүрсө, азыркыдай мүмкүнчүлүккө ээ болгон ханыша (ферз) фигурасы тактай бетинен такыр көрүнгөн эмес.

VI кылымдын баш ченинде чатуранга оюну Азиянын борборуна жана Чыгышка тарала баштаган. Иранга жетип, үстөл оюндарынын падышасы болуп, ирандыктар аркылуу арабдарга таралган. Шахмат ойноону арабдар жакшы өздөштүрүшүп, оюнду бир кыйла таанымалдуулукка жеткиришкен. Кийин бул оюн Испания аркылуу Португалияга, андан Италияга жетип, ошентип отуруп бүткүл Европага тарап кеткен. Ар жерде ойнолуп, ар кандай өзгөрүүлөргө дуушар болуп отуруп, учурдагы шахматка айланган. Арабдарда “шатрандж”, перстерде “шатранг” деп аталып келген оюн тажиктерге келгенде шахмат деген аталышка ээ болуп калган.

Шахмат оюну – эки жактын каршылашуусу, ак жана кара жааттардын беттешүүсү, бири-бирине сокку уруусу. Кимиси мыкты болсо, жеңиш ошонуку. Шахмат үч түрдү билдирет: оюн, илим жана маданият. Айрымдар шахмат оюнун илимий логикалык элемент катары кабыл алышат. Чындыгында, шахмат логикасы – илимий эмес, көркөмдүк элемент.

Алгачкы чемпион

Шахматты жогорку темпте өнүктүрүү үчүн 819-жылы араб халифи Аль Мамун биринчи жолу Джабира Аль Куфи, Абдылжафар Ансари, Зайраба Хатана аттуу шахматчыларды чакырып, мелдеш өткөргөн. Ошондон тарта шахмат боюнча ар түрдүү мелдештерди уюштуруу адатка айланган. XIX кылымда убакыт менен ойноо сунушу киргизилип, кумдан жасалган сааттарды колдоно башташкан. 1851-жылы эл аралык мелдеш өткөрүлүп, расмий наам жоктугуна байланыштуу Адольф Андерсен расмий эмес чемпион болуп калган. 1883-жылы англиялык Вилсон аттуу чебер тарабынан убакыт бирдиги иштелип чыгып, кырк жолу жүрүү 2 саат акыл калчоого ылайык келген. Ушул мезгилде эл аралык мелдештер өткөрүлүп, 1886-жылы биринчи дүйнө чемпиондугуна Вильгельм Стейниц ээ болгон, ал бул мелдеште Йоганн Цукертортаны жеңип алган.

"Чатуранга", "шатрандж", "шахмат"
Шахмат оюнунун эрежеси

Шахмат оюнунун эрежеси эки тарапта, башкача айтканда, ак, кара сызыкчаларда тизилген каршылаштардын беттешүүсү менен башталат. Бул оюндун максаты – ханды коргоо, атаандаштын мээлеген огунан куткаруу. Оюнда ханыша, ат, пил, мунара, жоокер ханды кайтаруу кызматын аткарышат. Бул оюн эки жааттын салгылашуусун элестетет. Оюнда ханыша фигурасы бардык жагынан жүрүш жасап, ханды кайтарат. Эгерде пил фигурасы кара түстүү сызыкчада турган болсо, ханды кара сызыкчада гана кыйгачынан коргой алат, ал эми ак сызыкчада ак түстөгү кыйгачынан кеткен сызыкчада каршылаштын чабуулунан сактайт. Ал эми ат түзүлүшү Г тамгасынын формасында жүрүш жасап, ханды коргой алат. Мунара фигурасы ханды ак, кара сызыкчада да, түз кеткен сызыкчада да атаандашынан куткарат. Коргоочулардын эң кичинекейи болгон жоокер фигурасы алдыга жылуу менен гана ханды каршылашынан сактайт. Беттешүү курч мүнөздө өтөт. Бул түзүлүштөрдү башкарган оюнчунун оюнду кандай өздөштүргөнүнөн көз каранды. Мында эки оюнчунун кимиси жакшы чабуул жасаса, жеңиш ошонуку болот. Албетте, оюнчунун мыкты көрсөткүчү эң негизги багытты көздөйт. Эгер оюнчу өзүнүн талантын көрсөтпөсө, заматта өз ханын атаандашына тарттырып жибериши толук ыктымал. Эки каршылаш бири-бирине ханын тарттырып жибербеш үчүн, 1 саат же 5 саат эмес, күнү бою ойногон учурлар да кездешет. Албетте, оюнда атаандаштардын тырышчаагы гана жеңишке жетет.

Шоокум

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}