Акындан айдоочуга кеңеш

Абайла! Сак бол! Ойлон…
Көздү чоң ач!
Жол тартибин билип ал!

Күбөлүктү сатып албай! Билим ал!
Кандуу болбойт бул жолдор эсептелген,
Сактаса экен тартипсиз безеп келген,
Канга жууган мыйзамсыз эшектерден!!!Айдоочунун жакшысы – азыраак сүйлөп, сак болот,
Айдоочунун жаманы – көбүрөөк сүйлөп, мас болот.

Өмүрүңдү бүт баарынан барктай бил!
Чектен ашпай ылдамдыкты сактай бил!

Бирөөгө жол берген, тон бергенден да артык!

Сезип жүргүн коомдун сага пайдасын,
Ачкычты бер, ичип алсаң,
сенден соосу айдасын!

Акылы кысканын айдаганы 180!

Боорун басып ыйлаттырып кыйланы,
Чектен ашып зуулдап учуп шамалдай,
Бүлүндүрүп өмүрлөрдү кыйбачы,
Жол тартибин, эрежени сыйлачы!

Билимдүү айдоочу жол эрежелерине таянат,
Билимсиз айдоочу чоң эжелерине таянат.

Унаа – темир! Алса болот жаңылап!
А сен! Сүзүп!!!
Дүйнө салган адам кайдан табылат???

Бул дүйнөгө боло алат ким жөлөк?
Жөнөкөй бол! Адам болчу! Керсейбечи!
Жер жүзүндө унаа бардай сенде гана бир бөлөк!

Мейли. Шашсаң дагы, токтоо бол!
МАИ – адам!
Түшүндүрүп тезинен кет.
Оюн көрүп ар кимдин жолун тороп,
Кыйын болбо эдиреңден!

Кызыл күйсө билесиң токтош керек.
Тыгындарга толтуруп,
Кайчы кеткен жолдорду тоспош керек.

Жөө адамга ак сызыктан токтогун,
Оюн көрүп ылдамдыкка, ылдамдыкты кошпогун.

Мыйзам бузса, Төлөсүн! Жаман көрсүн! Жектесин!
Эн башкысы, МАИчилер- итчилик сенден кетпесин!

-Маспы?
— Кама! Коё бербей – өлсөӊ өл деп,
Кызматынды так аткар!
Жол тартибин көзөмөлдөп!

Көнүлдү тууганынын кадырына бурбагыла,
Токтотуп ар-кай жерден, Силер да ойду келди турбагыла!

Мыйзам бузса, жооп берип жалкышсын!
Чоӊу дагы, кичиги да өз айыбын тартышсын!

Чектен ашып, Жөөлөп өтсө коркосуң да,
Кырсык деген каш-кабактын ортосунда.

Эртеңкинин эч бир сезбей кооптусун,
Эй, айдоочу! Ичпегиниң!
Адамдардын өмүрүнө жооптусуң!

Мээден алат, буттан алат бул арак,
Ичсен рулга отурбагын!
Айдабагын! Жүздөн ашып кубалап!

Эрежени эс-тутумга куйгунуң!
Баш ийбесең мыйзамга,
Душманысың, өз элиңдин туйгунуң!

Кызыл күйсө токтош керек,
Эси жоктой элирбей.
Кыянаттык кылганыңа,
Тагдыр жетет кечирбей.

Жан талашпа! жол талашпа!
Кырсык иле кетесиң!
Барар жерге эрте чык,
Убагында жетесиң!

Көзүңдү жолдон, күзгүдөн жылдырбагын,
Мээң ээрип телефондо,
Бей күнөө, өмүрдү сындырбагын!

Сабак болуп, үлгү бол жаш балдарга,
Көзүн чукуп жол көрсөт, эрежесиз акмактарга…

Жол тартибин билбеген – унаа айдап жарытпайт,
Өз күнөөсүн сезбеген эси жогун аныктайт!

Айдоочуну даңазалаган билим,
Маскаралаган жиниң.

Билгин…
Кырсыкка чейин унааң сенин кулуң,
Кырсыктан кийин сен унаанын кулусуң.

Акылдуу фара күйсө түшүнөт, Акылсыз сүзмөйүнчө түшүнбөйт.

МАИден качып максатыңа жетпейсиң!

Ары жок киши адыраңдап айдайт!

Ашыгып айдасаң да, 60тан ашырып айдаба!

Айдаганды билемин деп алданба.
Айдайсың!
Жол тартибин окуп, билип алганда!

Катуу ылдамдык, таттуу турмушту бузат.

МАИ менен талашсаң да эрежеңди сайрай бил,
Эң баарынан оңгулуктуу машинаңды айдай бил!

Ажалга эрте кезиккенден көрө,
Жумушка кечиккен жакшы.

Билген акырын айдайт, билбеген качырып айдайт.

Ачууланба жашыл жанса өтмөк бар,
бейкүнөөсүз адамдарды сөкмөк жок.

Жолдун көркү мыкты унаа, унаанын көркү билимдүү айдоочу!

Билбей айдаган бир балээге кабылат.

МАИчинин сөзү өткүр, айдоочунун көзү өткүр болуш керек.

Ичип алып айдасаң – эп кетет.
Сенден качып далайлардан нерв кетет!

Кээ бир айдоочуларга караганда жакшы сөз айтсаң ит да түшүнөт.

Мыйзам бузуп качкан Кудай дейт,
кубалаган МАИчилер да Кудай дейт.
Бирок Кудай кубалаган тарапта…

Унаа айдаганды:
Билимдүүлөр жол менен үйрөнөт,
Билимсиздер сом менен үйрөнөт.

Жай жүрсөң, тынч жүрсөң максатка, көздөгөнгө жетесиң,
Мас болсоң бирөөнү сүзөсүң же дүйнөдөн жаш кетесиң.

Мыкты шоопур жолду астындагы унаанын
жайлаганынан билет,
Ал эми МАИчи, масты айдаганын билет.

Мыкты жанталашпайт, жол талашпайт.
Акмак шашпаса да чектен чыгып карбаластайт.

Жогорку ылдамдык — өлүмгө болгон азыгырык!

Башкага жол бер кызылдан токтой,
Ажалга шашпа тызылдап оттой.

Билимсиз айдоочу — өмүрдүн коркунучу!
(Акбар Кубанычбеков)

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}