Акыйкаттын ачуулугу

Бир адам балалуу болуп, кубанычы койнуна батпай абдан сүйүнөт. Баласын көрүүгө тууган-туушкан, коңшу-колоңдор келе баштайт. Келген коноктордун бири: «бул бала бий боло турган экен»,- дейт. Мындай сөздү көтөрө албай, аны аябай сыйлап, чапан кийгизип жөнөтөт. Экинчи бирөө көрүп: «бул бала бай боло турган»,- дейт. «Айланайын оозуңа май!» деп беркиден да ашыра сыйлап узатат. Кийинки келген конок, «эх арман дүйнө, бул нур жүздүү бөбөк да бир күнү өлөөрү чын» дейт.Мындай сөздү күтпөгөн жан аны ашата сөгүп, ташка алат. Негизи ал баланын бай болоорун да, бий болоорун да албетте эч ким билбейт эле. Бирок өлүм чындык, мына ушул чындыкты айткан киши сөгүш жеп кайтат.

Адамдын нафсине чындык эмес, жалган дүйнөнүн кооздуктары жакшы көрүнөт.
Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}