Алгачкы устат

Бир ойчулга «Алгачкы устатыңыз ким болгон?» деген суроону беришет. Ошондо ал: «Алгачкы устатым даракка чыгууга аракеттенген кадимки коңуз эле\» — деп жооп берет.— Таң эрте ишке баратканда кичинекей дарактын түбүндөгү коңузга көңүлүм бурулду. Ал канчалык аракет кылса да, бир аз чыгып барып, кайра кулап түшүп калып жатты. «Бу байкуш бир аз аракет кылат да, чыга албасына көзү жеткенден кийин башка жолго түшөт да», — деп ойлоп, жолума түштүм. Кечинде иштен келатып кызыгып, ошол жерге бардым. Баягы коңуз дарактын бир далай жерине чыгып калыптыр. Ошентсе да, дале тынбай андан жогору чыгууга умтулуп жатыптыр. Мына, бир максаттын өтөөсүнө чыгуу үчүн баштаган ишти таштабай, сабырдуулук менен, акырындап болсо да, алдыга жылууну мен алгач ошол коңуздан үйрөндүм. Менин алгачкы устатым — коңуз дегенимдин себеби да ушул.

Албетте, бабалардын «Сабырдын түбү — сары алтын», «Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң» деген жакшы сөздөрү бар. Анын сыңары, бир ишти баштагандан кийин аягына чыгаруу үчүн болгон аракетин жумшаган адам сөзсүз түрдө ийгиликке жетет.

Бакыт Жунусуалиев

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}