Алтынга алмашкыс алтын убакыт

Азыркы учурда интернетке кирбеген адам жок болуш керек. Жадакалса, неберелери чоң ата, чоң энесине үйрөтүп, ватсап, фейсбук, инстаграм дегендин баарын колдонот. Анткени менен бу интернет дегендин алысты жакындатканы эле болбосо канчалаган адамдын алтындай секунддарын, мүнөттөрүн, сааттарын, күндөрүн, түндөрүн уурдоодо. Албетте, пайдалуу нерсе издеп, жакшы маалыматтарды окуп, тарбиялуу нерселерди көрүп, оң жакка колдонгондор да бар. Ал эми канчалаган убактысын коротуп, пайдасыз нерселерди көрүп аткандарчы? Алардын келечеги кандай болот? Канткенде убакыттын кадырына жетебиз?Бул жашоодо ар бир адамга бирдей убакыт берилет. Чындыгында, ал убакытты ким кандай колдонот, адамдар ошонусу менен бири-биринен айырмаланат. Кээ бирлери аны сарамжалдуу колдонгонду кичинесинен үйрөнүп, жашоосуна маанилүү өзгөрүүлөрдү, өнүгүүлөрдү киргизет. А кеч түшүнгөндөр болсо, убакыттын кадырын кечигип байкап, бармагын тиштейт. Азыркы учурда студенттерден, ишкерлерден жана ушул сыяктуу ар кандай кесип ээлеринен “убактым тартыш болуп жатат. Иштеримди бүтүргөнгө жетишпей калдым” дегендерин көп эле угуп жүрөбүз. Ооба, чындыгында, жасала турчу жумуш көп, бирок убакыт аз. Эмесе ошол аз убакытты кантип сарамжалдуу пайдалануу керек, төмөндө ошого токтолсок.

Убакыт жашообузда кандай мааниге ээ?

Баардык нерсе убакыт бирдиги менен ченелет. Мисалы, мектепте бир сабактын сааты 45 мүнөт болсо, университетте бир пара — 90 мүнөт. Ал эми көбүнчө жолугушууларды белгилүү бир саатка белгилешет. Кээ бирлери саатты күнүмдүк план боюнча бөлүштүрүп да алат. Ошондой эле кесипкөйлөрдүн иштөө сааты да белгиленген. Биздин иш-аракеттерибиз убакыттын негизинде аткарылып, натыйжа берет. “Убакыт алтынга тете” дейт. Бирок алтынды кайра сатып алсаң болот, а убакыт сатылбайт. Убакыт учуп гана кете берет. Демек, аны алтындан да кымбат десек болот. Убакыттын кадырын максаттуу адамдар гана билет. Кала берсе, биздин ар бир көз ирмем да убакытты алат. Мынакей убакыттын маанилүүлүгү.

24 саат

Сиздин банктагы эсебиңизге 86400 доллар которулду дейли. Бирок бул акчанын баарын кечке чейин коротуп бүтүр, болбосо кайра алып коёбуз деген шарт коюшат. Ал акчаны колдонсоңуз да, колдонбосоңуз да, ошо күндүн аягында эсебиңиз түгөнүп, нөлгө түшүп калат. Эмне кылмаксыз? Албетте, баарын колдонууга аракет кылмаксыз. Баардык адамдар УБАКЫТ деген банктын кардары. Баары тең таңдын атышы менен эртеңки күнгө өткөрүп коюуга мүмкүн болбогон 86400 секундага ээ болушат. Ар күнү таңга маал эсеби толукталып, кечке маал бошоп калат. Артка кайтуу жок. Мына ошол байлыкты бааласаң, куну жок секундаларды маанилүү жашап, берекелүү колдоно билүү керек. Бакыт, ден-соолук жана ийгилик үчүн убакыт зымырап өтүп жатат.

Убакытка жана убадага бекемдик

Мурун саат чыга элек кезде адамдар эмнеге карап убакытты болжошкон? Тарыхка көз чаптырсак, алар күндү карап убакытты билишкен. Бири-бирине почта аркылуу, же болбосо кат жазуу аркылуу жолугушууларды белгилешип, белгиленген убакыттан да эртерээк ошол жерде болуп калган. Ошону менен бирге убадасын так аткарган жана убакытты сарамжалдуу колдонушкан. Ал эми күнүбүздө ар бир үйдө, деги койчу ар бир адамда саат бар. Эмнени болбосун ошол саат менен ченешет. Студенттер сабакта тыныгуунун качан болушун так билет. Эртең менен саатты так убакытка коюу менен ойгонот. Бирок, саатка канчалык так болгону менен, жолугушууга же кандайдыр бир иш-чарага белгиленген мөөнөттөн кечигип барат. Бул көрүнүш эл арасында адатка айланып калгандай.

Убакытты туура пайдалануу үчүн кеңештер

1. Эртең менен эрте турганда күнүмдүк планыңызга бир сыйра көз чаптырып, телефонду өзүңүздөн алыс кармап тамактаныңыз;

2. Көңүлүңүз чөгүп турса да, күзгүгө көрүнүп жатканда жылмаюуну адатка айландырыңыз;

3. Күндө эң аз 15 мүнөт китеп окуп туруңуз;

4. Кечинде дептериңиздин бир бетине ошол күнү сизди кубандырган нерселерди тизмектеп жазып, бир тарабына жагымсыз нерселерди жазыңыз да, канткенде ошол жагымсыз нерселер болбой турганын ойлонуңуз;

5. Башкалардын сиз тууралуу кандай ойлогондугуна маани бербеңиз. Маани берсеңиз пайдасыз нерв коротуу менен убакытыңыз текке кетет;

6. Жакшы көргөн адамдарыңызга жетиштүү деңгээлде көңүл буруңуз;

7. Күнүнө эң аз дегенде 30 мүнөт сейилдеп, таза абада дем алыңыз;

8. Мүмкүнчүлүк болсо бош убакыт болгондо улгайган адамдар менен жана кичинекей бөбөктөр менен убакытты өткөрсөңүз, улуулардан акыл-насаат угасыз, бөбөктөрдөн өзгөчө дем, кубат аласыз;

9. Интернет сайттарды колдонууда ишиңиз бүтөрү менен көп алаксыбай, компьютерди жабууга аракет жасаңыз;

10. Башкаларга жылмаюу тартуулаңыз, достук жылмаюудан башталат;

11. Жети өлчөп бир кесиңиз, ар бир чечимди чыгарууда кылдат ойлоп, кабыл алыңыз;

12. Таарыныч эч нерсеге татыбайт. Ичи тардык, көрө албастык, карасанатайлык, ушак убакыттын бошко коротулушу;

13. Эгер кечинде жагымсыз нерселер оюңуздан кетпей кыйналып жатсаңыз, душка түшүп, бутуңузга байпак кийип жатыңыз. Жатканда 4 секунда дем тартып, ал демди 4 секунда сактап, 4 секундада чыгарып салыңыз. Бул көнүгүүнү 3 жолу кайталап уктасаңыз жаман ойлордон арылып, жакшы уктайсыз.

14. Дүйнө жүзүнө белгилүү бизнесмен, психолог жана мульти миллионер – Брайан Трейсинин “Убакытыңды башкар жана натыйжаңды 2 эсе арттыр” (Управляй своим временем и удвой результаты) деген чыгармасын окуп койсоңуз да ашыкча болбойт;

15. Адамдар эки нерсенин кадырын билбейт, бири – ден-соолук, экинчиси – убакыт. Убакыттын кадырын бил, замандаш!

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}