Аманат

Бир күнү жолоочу чарчап-чаалыгып, бир шаарга келет. Ал жердеги коомдун бакубат турмушун көрүп, шаар башчысы менен жолугууну каалап, издеп барат. Ошентип, башчыга жолугуп, ага дос болууну сунуштайт. Башчы да макул болуп, бирок бир шарт коет. Анын шарты: Кутудагы белекти ичин ачпоо шарты менен экинчи шаар жетекчисине жеткирүү эле.Экөө келишип, жолоочу жолун улап жөнөп кетет. Жолдо баратып, кутунун ичиндеги нерсе кызыктырып, колун кычыштырып, ичин тызылдатып туруп алат. Ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры кутуну ачсам ким көрмөк эле деген чечимге келет. Ал ошентип кутуну ачып караганча, ичинен үч чымчык учуп кетет. Бир жагынан кейип, бир жагынан шаар башчысына жини келет. Шаарга кайтып келип, башчыга жини менен баалуу белекти аманат кылган экен десе, ушул чымчыкты аманат кылып жөнөттүңбү?-дейт. Акылман падыша да, чымчыкты аман жеткире албай, кантип баалуу аманатты жеткирээр элең? деген экен…

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}