Апамдын күндөлүгү

Кээ бир учурларларда үйдө кайсы бир буюмумду издеп жатып, көп убакыт көрбөй жүргөн бир канча нерселерге көзүм түшөт. Дал ошондой күндөрдүн биринде мен апамдын күндөлүгүн таап алдым. Башка бир адамдын күндөлүгүн окууга болбостугун билсем да апамдын күндөлүгүн ачып, анда эмнелер жазылгандыгына кызыктым. Аны бөлмөмө алып барып, эшикти ичинен бекитип күндөлүктү барактай баштадым.…Жаным, балам, жер жүзүндөгү аңкыган жыпар жыттуу гүлдөр дайыма бир калыпта тура бербеген сыяктуу, кайсы бир күнү мен да карыймын. Мына ошондо сен сабырдуу бол жана мени түшүнүүгө аракет жаса.

***
Эгерде тамактанып жатканда тамагымды кокусунан төгүп алсам, кийимдеримди сенин жардамыңсыз кие албай калсам, апам «жаш баладан да өтүп кетет» деп жаман көрбө. Сен мага бул сөздү ачууң менен айтсаң да, а мен сенин жаштыгыңды дайыма жылмаюу менен эстейм: Ымыркай кезиңде сен да ушундай болчусуң. Тамакты кандай жеш керек экендигин жана кийимди кандай кийүүнү сага үйрөтүп жүрүп канча убактым корогонун эстей да албайм. Себеби сен үчүн менин убакытым эмне болуптур, убакыт бул жакта турсун, жанымды да сага берүүгө даярмын.

***
Эгерде сени менен сүйлөшүп жатканда, бир сөздү миң мертебе кайталай берсем, мени эзме деп айыптаба, мени укканга аракеттен. Сен жаш кезиңде жакшы уктооң үчүн сага бир эле жомокту кайра – кайра окуп берериме туура келчү. Сен болсо дайыма аны кызыгуу менен угуп уктачусуң. Менин да ичер суум күндөн – күнгө түгөнүп, түбөлүк уйкуга кетип бара жатамын. Мына ошондуктан мени менен көбүрөөк сүйлөшкөнгө аракет жаса.

***
Эгерде үй – тиричилигинде пайдаланылуучу жаңы буюмдарды кантип колдонорун билбесем мени жемелебе. Аларды үйрөнүшүмө убакыт бер. Мен сага туура кийинүү, туура сүйлөө, турмуштагы карама – каршы маселелерге кандай күрөшүү керектигин үйрөтө алганмын. Айтайын дегеним, жаңы буюмдарды да түшүнүп кетүүнү эптей аламын, себеби сен бар эмессиңби?…

***
Эгерде кайсы бир мезгилдерде бир нерсени эсимден чыгарып калсам, же болбосо кайсы бир кебим эсимден чыгып кетсе кейибе. Мен үчүн эң негизгиси бул эмес, сени менен чогуу болгондугумдун өзү чоң бакыт. Эсиңдеби, жаш кезиңде сен менден бир кадам да алыс кетүүнү каалабайт болчусуң. Дайыма колумдан, же болбосо этегимден кармап алып мени менен кошо жүрчүсүң.

***
Эгерде кайсы бир мезгилдерде менин карыган буттарым басуудан чарчап, кадам таштоого да күчү жетпей кала турган болсо мага колуңду сун, сен алгачкы кадамдарыңды таштап жаткан учурда мен сага кандай кол сунганымды эсте.

***
Менин карып бара жаткандыгыма капа болбо. Өзүңдү алсыз санаба. Мен ал – күчтөн канчалык тайып барган сайын мага жардам берүүгө аракет жасай көр. Кайсыл бир мезгилдерде мен да сага турмуш жолунда жардам бергендигим өңдүү.

Мага жашоомду улантууда, өмүрүмдүн аягына дейре жагымдуу жылмаюу менен өмүр сүрүүгө жардам бер. Сенин бул иштериң үчүн мен сени эч качан чарчабаган жылмаюум, түбү чексиз мээримим менен сыйлаймын.

***
Мен сени жакшы көрөмүн, балам!

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://kg.insan.kg/wp-content/uploads/2017/09/1504762436_rrr-rerrrre-12.jpg);background-color: rgba(12,12,12,0.36);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}