Апанын ак батасы

Муса пайгамбар бир күнү тилек кылып отуруп «Оо Жараткан! Бейиште мага кошуна боло турган адам тууралуу билгим келет» деп суранды. Жараткан ага дароо жооп кылып баланча шаардагы, баландай даректеги касапчы сенин бейиштеги кошунаң болот деди.Муса пайгамбар дароо үйүнөн чыгып айтылган жерге барып баягы касапчыны тапты да, сыр билгизбей байкоого алды. Кечке маал касапчы куржунуна кичинекей эт салып алып дүкөнүн бекитип үйүн карай жөнөдү. Так ошол маалда Муса пайгамбар аны менен учурашып, «үйүңө конуп кетейинчи» деп өтүндү. Касапчы эч ойлонбой туруп макулдугун билдирди. Экөө үйгө киргенден кийин үй ээси куржунундагы баягыл этти алып чыгып жакшылап тамак жасады. Андан кийин тээ үйдүн төрүндө, шыпта илинип турган чоң себетти жерге түшүрдү. Себеттин ичинде өтө карыган, арык кемпир жатыптыр. Касапчы аны жаңы эле жасаган тамагы менен тойгузуп, үстү-башын тазалап, жууркан-төшөгүн оңдоп туруп кайра шыпка илээринде кемпир ага бир нерсе деп шыбырагандай болду. Берки аны укту да башын чайкап күлүп койду.

Мына ушунун баарын бүтүргөндөн кийин үй ээси Муса пайгамбарга келип, аны коноктой баштады. Жанатан бери таң калып отурган пайгамбар иштин чоо-жайын сурай баштады.

— Тигил аял ким?

— Ал менин энем. Аябай карып калганынан ушинтип багып жүрөм.

— А, ошондойбу? Баса, жана сен аны тойгузуп, үстү-башын тазалап берип кайра ордуна жаткырып атканыңда сага бир нерсе деп шыбырады го. Ошондо эмне деди?

Касапчы башын чайкап дагы бир күлдү да:

— Жарыктык апам байкуш аябай карып калды окшойт. Дайыма мага «Бейиште Мусанын кошунасы бол!» деп бата берет, күлкүнү келтирип, — деп жооп кайтарды.

Муса Пайгамбар аны угуп ордунан тура калды да:

— Кут болсун сага, бир боорум! Кут болсун! Мына ошол Муса пайгамбар менмин. Сен болсо бейиште мага кошуна боло турган адамсың, — деп кучагын жайды.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}