Аппак кар

Табияттын эң сулуу жана эң таза мезгилдеринин бири кыш эмеспи. Аппак түскө бөлөнгөн айлана, ар бир кадамыңда \»кырт-кырт\» деп чыккан кардын үнү айтып бүткүс эргүү тартуулары анык. Кыштын көркүнө көрк кошуп, сулуулук берген кар тууралуу кызыктарды төмөндөн окуңуз.Кыштын келиши менен алгачкы кар жер бетин аппак түскө оройт. Ар жылы бул көрүнүш кайталанып турса да, биз кардын кандайча пайда болуп, кандай касиеттерге ээ экендигине маани бербейбиз. Чынында эле бири-бирине окшошпогон кар бүртүкчөлөрү кантип пайда болот? Алардагы таңгаларлыктай симметриялуулук кантип жаралат? Кардын пайда болушу булуттарды түзгөн абадагы суунун микро тамчыларынын акырындап биригип, төмөнкү температурада тоңушу менен башталат. Алгачкы көлөмү 0,1 мм ден ашпаган муз кристаллдары абанын нымдуулугунун жана конденсациянын натыйжасында өсүп отуруп, төмөн түшө баштайт. Ал эми анын өзгөчө, башкача айтканда, алты кырдуу формага ээ болушу суунун малекуласынын түзүлүшүнөн улам болот. Себеби, суунун малекуласы тоңгондо 600 жана 1200 бурчтарды пайда кылат. Ал эми кар бүртүкчөлөрүнүн 95 пайызы абадан тургандыктан, тыгыздыгы аз болуп, жааганда ылдамдыгы саатына 0,9 км ди түзөт. Кардын ак түстө болушу анын курамындагы муз кристаллдарынын жана абанын ортосунда жарык нурларынын чагылышына байланыштуу. Табияттын табышмактуу кубулуштарынын бири болгон кардын кайталангыс ар түрдүүлүгү, чексиз жаратуу күчүнө ээ болгон Улуу Күчтөн кабар бербейби?..

Аппак кар
Кызыктуу маалымат:

1885-жылы Америкалык Уилсон Бентли алгачкылардан болуп микроскоптон кар бүртүкчөсүнүн сүрөтүн алган. Ал 46 жылдык эмгегинин натыйжасында 5000 ден ашуун сүрөт тартууга жетишкен жана эң кызыгы – ал сүрөттөр идеалдуу окшоштуктагы кар бүртүкчөлөр болбостугун дагы бир жолу тастыктаган. Кышында кар күн нурунун 90 пайызын чагылдырып, жердин жылышына жол бербейт. Эң чоң кар бүртүкчөсү 1987-жылы 28-январда АКШда катталган. Анын диаметри 38 см болгон. Ал эми жөнөкөй кар бүртүкчөлөрдүн орточо диаметри 5 мм ден ашпайт. Кар 0 градуста эрийт. Бирок, күн нурунан кар бүртүкчөлөрүнүн көпчүлүгү эрибей түз эле бууланып кетет. Ал эми бир гектар жердеги болгону 1см калыңдыктагы кар болжол менен 30 куб метр суу беерт.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}