Ар бир күнүңүзгө арналган пайдалуу кеңештер

Ар бир күндү, агарып аткан ар таңда сизди ойготууну унутпаган Жаратканга алкыш айтуу менен бирге айрым аткарылуусу керек болгон эрежелерден баштасаңыз, ал күнүңүздү сөзсүз ийгилик коштойт.* Күнүнө, эң аз дегенде 10-30 мүнөт сейилдеңиз, таза абада дем алыңыз.

* Күнүнө, эң аз дегенде 10 мүнөт тынчтыкта болуңуз, эч нерсени ойлонбой жай отуруңуз.

* Жети сааттан кем уктабаңыз.

* Китепти көп окуңуз.

* Мүмкүнчүлүгүңүз болсо, бош убактыңызды 70 жаштан ашкан кары адамдар менен жана 6 жаштан кичине жаш жеткинчектер менен өткөргөнгө аракет кылыңыз. Себеби, карылардан акыл-насаат угасыз, жаш жеткинчектерден жаңы энергия жана аруулук аласыз.

* Кыялданыңыз.

* Заводдо өндүрүлгөн азык-түлүктү азыраак, табигый азыкты көбүрөөк жеңиз.

* Алтындай убактыңызды ушак сүйлөп, жалган айтып өткөзүп жибербеңиз.

* Күнүнө кем дегенде 3 адамга жылмаюу тартуулаңыз, эч болбосо жөн эле жылмайып карап коюңуз. Достук жылмаюудан башталат.

* Өткөндү унутуңуз, бүгүнкү күн менен жашап, келечекке умтулуңуз. Аркада калган жагымсыз мүнөттөрдү эстей берүү, бүгүнкү бактыңызга кедергисин тийгизип калышы ыктымал.

* Жагымсыз ойлордон арылыңыз. Жакшы нерселерге көңүл бөлүңүз. Өмүр-мектеп. Бир нерсеге жетпей калсаңыз кыжалат болуунун кереги жок. Бул сиз үчүн тажрыйба болду. Кийинкисинде ийгилик сиз тарапта болуп калышы мүмкүн.

* Бирөөнү жек көрүүгө күч-жигериңизди жумшабаңыз, анткени өмүр өтө эле кыска.

* Өмүрүңүздү өзгөлөрдүн өмүрү менен салыштырбаңыз. Жакшы көргөн адамдарыңызды да башка бирөөгө салыштырбаңыз. Сиздин бактыңызды сизден артык эч ким ойлобойт.

* Кечиримдүү болуңуз. Башка кишилердин сиз тууралуу эмне ойлогондугу маанилүү эмес.

* Ден соолугуңузга кам көрүңүз, ал сизге керек.

* Кызгануу, көрө албастык, ичи тарлык, бирөөгө карасанатайлык убакытты бошко коротуу деп билиңиз.

* Кең келечек күтүп турганына ишениңиз жана ага умтулуңуз.

* Жакын адамдарыңызга ар дайым кабарлашып туруңуз.

* Кез келген нерседе ашыра шилтеп, көбүртүп-жабыртып, артык кетүүдөн сактаныңыз.

* “Ачуу-душман, акыл-дос” дейт, ачууга алдырбаңыз. Ар бир чечимди кылдат ойлонуп анан кабыл алыңыз.

Инсан

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}