Ашхабаддагы аба жай

Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө супер заманбап аба жайлар(аэропорт) курулууда, андай аба жайлар кээ бир эски аба жайларга салыштырмалуу алда канча көп жолоочуну тейлей алат. Дал ушундай заманга шайкеш, супер заманбап аба жай биздин боордош, коңшулаш Түркмөнстан мамлекетинде курулууда. Анын өзгөчөлүгү ыраактан караган адамга кадимки эле канатын кенен жайган канаттуунун, шумкардын элесин чагылдырат.

Ашхабаддагы аба жай

Аба жайды куруу милдетин Түркия мамлекетинин Polymeks Company куруу ишканасы жеңип алган. “Огуз хан” деп аталган бул аба жай Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабад шаарында жайгашкан. Белгилей кетчү өзгөчөлүгү, канатын кенен жайган шумкардын элесин берген аба жай 1 саатта 1600 жургүнчүнү тейлей алат, ал эми бир жылда 14 миллион жүргүнчү тейлейт. Курууга кеткен каражат 2,2 миллиард долларды чапчыйт.

Ашхабаддагы аба жай

Куруу иштери 2013-жылы башталган. Ушул тапта аба жайдын, узуну 3800, туурасы 75 метр келген учуп-конуучу тилкеси ишке берилди. Тилке учактардын баардык түрү үчүн кызмат көрсөтүүгө ыңгайлаштырылган. Курулуш иштери 2016-жылдын, август айында жыйынтыкталып, ишке берилүүсү күтүлүүдө.

Ашхабаддагы аба жай

Жалпы аянты 2000 гектар. Жүргүнчүлөр үчүн баардык шарттар түзүлөт. Аба жайдын ичинде күтүү жайлары, ресторан, кафе, 1500 авто унаа бата турган жер асты унаа токтотуучу жай, узундугу 3 жарым км болгон бир релстүү темир жол каттамы да ачылат. Аба жайдан анча алыс эмес жерде эс алуучулар жана шаар коноктору үчүн баардык шарттары каралган мейманкана курулуусу да планда бар.

Ашхабаддагы аба жай
Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}