“Ашуудан ат алмаштырбайт” же тарыхта калган мыкты президент.

Азыр убакта бизде, бизден башка элдерде да “ашуудан ат алмаштырбайт” деп көп эле айтылып жүрөт. Накыл кепке айланган бул учкул сөздү кезинде Авраам Линкольн айтканын көпчүлүк биле бербесе керек.Авраам Линкольн. Бул инсан жарык дүйнөдөн кеткенине 1,5 кылымдан ашык убакыт өтсө да азыр да америкалыктар “эң сүйүкттү президентибиз” деп айтып келишет. Көрсө, эл-жери үчүн чындап күйгөн жетекчи канча жылдар, ал тургай доорлор алмашса да унутулбай айтылып келе берет тура. Чыныгы мамлекеттик ишмердин өлбөстүгү деген ушул белем.

Ал жөнөкөй, кембагал фермердин үй-бүлөөсүндө туулган. Бийликтин бийик тактысы үчүн тирешип келген АКШдагы эки саясий күчтүн бири болгон Республикачыл партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бирден бири. Анан дагы ал АКШда кулчулукту жойгон биринчи президент болгон. Ошондой эле “Американын улуттук баатыры” деген калктын ыйык даражасына ээ.

Бул инсандын саясаттагы өмүр таржымалына үңүлүп көрсөң адам таң калаардай. А. Линкольн 22 жашында 1831-жылы жаңы түптөгөн бизнеси толугу менен банкротко учурайт. 1832-жылы өз штатындагы мыйзам чыгаруу палатасындагы шайлоодо утулууга дуушар болот. 1834-жылы маңдай тер, далай эмгек менен жанданган бизнеси кайрадан банкрот болот. 1835-36-жылдары нерв оорусуна чалдыгып далай кыйналат. 1843-1846-1848-жылдары АКШнын Конгрессине болгон шайлоолордо удаасы менен утулат. 1855-жылы сенатка болгон шайлоодо да жеңилүүгө дуушар болот. 1856-жылы АКШнын вице-президентигине болгон күрөштө да жеңилет. 1858-жылы сенатка болгон шайлоого кайрадан аттанып, анда да жеңилүү ызасын тартат. Ал эми 1860-жылы АКШнын президентигине болгон шайлоодо жеңишке жетип, өлкөнүн тарыхындагы 16-президенти болуп калат. 1865-жылы 56 жашында театрда отурган жеринен атып өлтүрүлөт. Аврам Линкольдун жашоосу талыкпаган эмгектин, жеңилүүнүн аркасында сөзсүз жеңиш бар, же болбосо жараткан бир эшикти жапса сөзсүз экинчисин ачат, сабырдын түбү сары алтын деген сөздөргө анык мисал болчудай.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}