Ата — аска зоо, эне — боорундагы булак

Ата — аска зоо, эне — боорундагы булак
Ата-эне жана балдары тууралуу сөз болгондо, энеге жана анын баланын жашоосундагы ордуна көп маани берилет эмеспи. Эне деген – бизге жашоо тартуулаган асыл зат, бизге эң алгачкы күнүбүздөн тартып, өзүнүн эң акыркы күнүнө чейин кам көргөн жердеги периште зат, өзүн бизге толугу менен, арнаган эң таза сүйүүгө татыктуу зат.
Бирок, ата деген да энеден кем калбай баласына болгон бар дүйнөсүн берген адам. Ата деген – аска-зоо, таянар-тоо. Эне үйдүн очогу болсо, ата – үйдүн тиреги. Эне үйдүн нуру болсо, ата үйдүн куту.
Атанын жанында бала өзүн ар дайым бейпил жана коопсуз сезет.
Ата дагы баласы үчүн сарсанаа болот; анын ийгиликтери жана жеңилүүлөрү үчүн кабатыр болуп уйку көрбөй таң атырат, бирок сезимдерин сыртка чыгарбаган өзгөчөлүккө ээ. Аталар эмоцияларын сыртка чыгара бербегени үчүн, биз алардын ичинде болуп жаткан ураганды байкай бербейбиз.


Качан сиз өзүңүздүн уулуңузга тарбия берип жатканда, уулуңуздун уулуна да тарбия берип жатканыңызды унутпаңыз. Талмуд
Ата деген атка ээ болуу оңой, бирок, ата деген атка татыктуу болуу жана бул улуу макамды сактап калуу кыйын. В. Ключевский
Менин атам кандай болгону маанилүү эмес, маанилүүсү — мен аны кандай эстеп калганымда. Энн Секстон
Мен 14 жашымда атамды акылсыз деп ойлочумун, биз эч качан түшүнүшчү эмеспиз. 21 жашка келип түшундүм, эң акылсыз мен экенмин. Марк Твен
Ар бир ата билиши керек – качандыр бир кезде уулу, анын айткан акыл-кеңешин эмес, дал өзүнүн жолун жолдорун. Андыктан, балаңды эмес, эң алгач өзүңдү тарбияла, бала деген баары бир туурап чоңоет. Ч. Кеттеринг
Ата болуу – жашоого маани берет: акылсыз, пайдасыз жана терс иштерден тосуп, жашооңду тең салмактуу кылууга жардам берет. Анткени ата болуу эмгекти, күчтүү болууну, ак ниеттүүлүктү жана тууралыкты талап кылат. Е.Гришковец
Атам ар дайым үйдүн алдындагы бакчада агам экөөбүз менен ойночу. Апам “газондорду бузасыңар” деп урушуп калганда, атам “биз газон эмес, бала өстүрүп жатабыз”, деп жооп берчү. Х. Киллербрю
Атанын балдарына кылган эң чоң жакшылыгы — алардын апасын сүйүү жана урматтоо. Ховард Хантер
Качан өзүң балалуу болгондо гана, ата-энеңе чалып кечирим сурагың келет. Анткени, буга чейин алар сени кандай жакшы көрөөрүн билбей жүрө бересиң. Э.Кутчер
Ата болуу бул – жашоого жаңы көз караш менен кароо. Кечөө эле миллиондогон маанилүү иштериң болсо, бүгүн эң маанилүү ишиң – уулуң болуп калат. Лионель Месси
Ата болуу да эркти талап кылат. Ата болуу — руханий өнүгүү үчүн чоң сыноо.
Ата болуу бул балага өзгөчө мамиле. Ал мамиле күч жана мээрим, сүйүү жана талап кылуудан турат.

Fit4brain.com сайтынан которулду

Которгон: Айнек Муратбекова

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}