Ата, атаке кечир …

… Тээ илгери, өткөн бир доорлордо, ушу силер жана биз сыяктуу эле бир жигиттин картайган, оорукчан атасы болгон экен. Карыянын кемпири о дүйнө салып кеткен соң, жападан-жалгыз таянар тоосу ушул баласы болчу, ошондуктан, келини, неберелери менен чoогу бир үйдө жашашчу.Уулунун аялы оорукчан кары адамды кароодон тажап, ар бир мүмкүнчүлүк болор замат күйөөсүнө: «Атаңдан тажап бүттүм. Балдардын түйшүгү жетишпегенсип… Мындан ары аныңды карай албайм – бир чечимге кел: же атаң, же мен. Эгер атаңды десең, мен үйдөн чыгып кетейин, мени дей турган болсоң, атаңдан кутулуунун бир жолун тап! Жетишет эми! Болду!» деп кулагынын кужурун курттай жей берчү.

Жигит бул абалга ар дайым капа болоор эле. «Жаным, – дей турган ар бир жолу, — эмне кылайын. Ал менин атам да. Кимге таштамак элем. Мен карабасам, аны ким карамак эле. Мен корубасам аны менден башка ким корумак эле» деп жалбарып, аялын көндүрүүгө далалат кылчу.

Аялы айтканынан кайтчу эмес. Түшүнгүсү да келбечү. Жигит көпкө ойлонду, акыры атасын тоо башына алып чыгып таштап баса берүүгө чечим кылды. Арабасын даярдап, кичинекей уулун жанына алып атасына:

— Биз тоого баратабыз. Жүр сен да биз менен. Бираз айланып келесиң, — деп аны да арабага салып, тоо тарапка сапар тартышты. Алдыда эмне тагдыр күтүп турганын билбеген карыя жол бою небересин тамашалап, аны менен ойноп, чүрпөсүн да сүйүндүрүп баратты.

Тоодо чытырман токой бар эле. Ошол жерге жетишкенде жигит атасынын алдына төшөк салып, атасын жаткырып, жанына бираз суу жана тамак коюп:

— Ата, сен ушул жерге жата тур. Мен отун кесейин – деп, уулун жанына алып, карыяны ээн токойго жалгыз таштап, жашырынып келген жолго түшөт.
Эмнеге туш болгонун түшүнбөгөн карыя алардын артынан карап келе берет.

Арадан кыйла убакыт өтүп кетсе да жанына эч ким келбегинен ээн талаа, эрме тоодо жалгыз калганын аңдап-түшүнөт карыя. Түшүнгөн менен чарасыз, айласыз эле. Ыйлагандан башка эч нерсе кыла алмак эмес.

Чоң ата өз тагдыры менен гана бетме-бет калып, тоо башында томсоруп олтурганда уулу небереси менен арабада айылга кайтып келе жатышкан.

— Чоң атамды неге тоого жалгыз таштап салдың? Барып аны алып келбейбизби? – деди бала.

— Ал картайды. Эми ошол жерде калат. – жооп берди ата.

Бала эч нерсени түшүнө албады. Чоң атасын аябай жакшы көрчү, анткени ал небереси менен ойночу, сүйлөшчү. Чоң атасы анын эң жакын адамы эле.

— Анда, мен чоңойгондо, сен да чоң атамдай кары жана оорулуу болосуң да, ошондо мен да сени чоң атамды таштап кеткен жерге алып келип таштап кетем да ээ, ата?

Кандай чоң күнөө кылганын баласынын бул сөзүнөн кийин түшүнгөн ата, ыйлап жиберди да, аттардын башын артка бура тартып камчылап, камчылап алды күнөөсүз жаныбарды. Тоого чыгып, атасын таап, бутуна жыгылып, кечирим сурады. Карыя уулунун башынан сылап: «Ыйлаба, уулум. Сен атаңды тоого таштап кеткениң жок го, демек сени да балаң тоого таштабайт эми» – деди сабырдуу, токтоо.

Бираздан кийин, чоң ата, баласы, небереси болуп үйдү көздөй көңүлдүү баратышты. Жигит ичинде «Атамды тандадым! Миң аял таба алам, бирок эч качан өз атамды таба албайм» – деди.

Түрк тилинен которгон Садык ГАВАЙ

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}