Ата-эне чылым чексе наристенин ден соолугуна зыянбы?

Чылымдын ден соолукка келтирген зыяны тууралуу сөздөр байма-бай эле айтылып жүрөт. Чылымды чеккен адам да жана анын айланасындагылар да зыянга учурай тургандыгы тууралуу да аз кеп болгон жок. Бүгүнкү күндө да илимпоздор тамекинин адам психологиясына болгон зыяны тууралуу жаңы изилдөөлөрдү ачыкка чыгарышты.Франциядагы саламаттык сактоо жана медициналык изилдөөлөр институтунун кызматкерлери бир катар тажрыйба жүргүзүп, жакын адамдары чылым чеккен наристелер стресске жакын болуп өсөрү аныкталган.

Мамандар әйелдердің жүкті болған кезінде және одан кейінгі темекі шегуі жағдайларын тексерген. «Темекі түтінін жұтқан балаларда жоғары эмоционалдық тұрақсыздық аңғарылды», дейді олар. Ал , жүкті әйелдің өзі емес күйеуі темекі шексе де оның кері әсері анасы шеккен темекінің зиянынан кем түспейді екен. Әсіресе бала дүниеге келгеннен кейін оның психологиясына кері әсері тіпті көбейеді.

Илимпоздор айымдар кош бойлуу мезгилинде жана андан кийинки мезгилде тамеки чексе наристеге жогорку эмоциялык туруксуздукка чалдыгат дешет. Ал эми баланын атасы чеккен чылымдын зыяны апасы чылым чеккендеги зыяндан кем калбайт. Өзгөчө наристе дүйнөгө келгенден кийинки учурда ата-энелердин тамеки чегүүсү балага психологиялык жактан таасир берет. “Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” дегендей ата-энеси чылым чеккен баланын келечеги да ата-энесиникине окшобойт деп ким кепилдик берет?

Ушундан улам илимпоздор ата-эненин жана жакындарынын чылым чегүүсү наристенин өсүп жетилүүсүнө терс таасирин тийгизүүчү факторлордун катарына киргизүүнү сунушташууда.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}