Атактууларды тарбиялаган Гарвард университети

Гарвард-Америкадагы эң эски жана атактуу окуу жайлардын алдынкы сабында турган, бүтүн дүйнөгө таанымал университет. Англиялык миссионер жана филантроп Джон Гарварддын атын алган окуу жай 1636-жылдын 8- сентябрында ачылган.Университетте 10 факультет, 11 өзүнчө академиялык бөлүм, бир нече илим изилдөө институттар бар. Университеттин башкы имараты жайгашкан аймак 85 гектарды түзүп, анда спорт аянчалары, бизнес мектептер, белгилүү Гарвард стадиону жайгашкан.

Азыркы күндө окуу жайда 2100дөн ашык мугалим эмгектенип, 6700 студент, 14500дөн ашык аспирант билим алууда. Окуу жайдын китепканасы өлкөдөгү эң ири китепканалардын арасында 3 орунда турат.АКШдагы миллиордерлердин көбү ушул окуу жайды бүтүргөн жана АКШнын 8 президентин, Нобел сыйлыгынын 75 лауреатын тарбиялаган.

Гарвардды бүтүргөн АКШнын президенттери

1. АКШнын 2-президенти Жон Адамс
2. АКШнын 6-президенти Жон Куинси Адамс
3. АКШнын 19-президенти Резерфорд Хейз
4. АКШнын 26-президенти Теодор Рузвельт
5. АКШнын 32-президенти Франклин Рузвельт
6. АКШнын 35-президенти Жон Кеннеди
7. АКШнын 43-президенти Жордж Буш
8. АКШнын 44-президенти Барак Обама

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз
admin

Адам бололу!

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}