Атамдын кыялы

–Жарыбаган казак десе, кызбаладан да акча аямак беле?!–деди атам, эшиктен кирип келе жатып. Атам аркы көчөдө жашаган досун айтып жатканын апам экөөбүз тең түшүндүк. Аны айылдагылардын баары казак дешет. Эмнеге антерине деле кызыкпаган экенмин.
–Ой эмне болду анчалык? – деген апамдын суроосуна атам чын дилинен капа болуп жооп берип жатты. Көрсө, көчөнүн башынан кезигип калган достор кыздары жөнүндө сүйлөшө кетишкен тура. «Кызыңды кайсыл окууга тапшыртасың?» –деп сурадым дейт атам. «Кыз деген– башка бирөөнүн бүлөсү. Акча коротуп окутмак белем. Ал бары бир күйөөгө тийип кетет», –деп бурк этиптир атамдын досу. Андай сөзгө атамдын маани бербей коюшу мүмкүн эмес эле.

Анда мен 11-классты аяктап жаткам. Атамдын досунун кызы мени менен бирге окучу. Бизден айырмаланып, орусча, англисче өтө жакшы сүйлөчү. Сабакты мыкты окугандыктан, мектепти да артыкчылык аттестаты менен аяктап жаткан. Мен журналист болом дечүмүн, ал котормочу болууну жактырар эле. Бирок ал котормочу боло алган жок. Ал классташым так ошол аталардын сүйлөшүүсүндөй тагдыр күттү.

Кызыгы, атам бүгүн да ал досунун ошол көз карашын чын дили менен жектеп келет. Айткандай, билимге таңсыктыкты мен алтымыштан өтүп калган атамдан али да көрөм. Бала кезде болгон документтерин топтоп шаарга окууга кетем деп даярданып, кете албай калган атамды түшүнчү деле эмесмин. Көрсө, бала күндөн көксөп, бирок кендирди кескен жокчулуктун айынан окулбай калган окуусун эстеп, ээлигип калчу тура. Бир билгеним, апам араң токтотчу.

«Силердей жаш кезимде Фрунзеге келип, техникумга окууга тапшырып, өтүп кеткем. Окуу башталганда окууга келейин десем, үстүмө кийгенге кийим жок, окубай калгам. Боюм 2 метрге чамалуу шырыктай, бутумда 3 сомдук желим бут кийим… Намыс деген жаман экен…» – деген атамдын айткандарына мурун кемсине түшсөм, азыр такыр башкача түшүнөм.

Бирок модалуу кийим кийип, акыркы үлгүдөгү айфон көтөргөн бут кийими көп жаштардын ичинде кайнаган намысты такыр түшүнө элекмин. Бир саам жокчулук көптөн кем кылат деп наалыганыбыз менен, адамдын ички пайдубалын – АДАМДЫГЫН түзүүдө диета кармагандан да пайдалуу окшобойбу?

Атамды сагынганда, төркү үйгө чалкасынан жатып алып китеп окуган кебетеси көбүрөөк элестейт. Шаардан барган гезиттердин капталдарындагы эскирген жарнамаларга чейин окуган адаты бар.

Өткөндө бир жакын досум айтат: «Менин атам китептеги айрым сөздөрдүн алдын сызып алып окучу эле. Кийин ошол сөздөргө көз жүгүртсөм, бары турмушка пайдасы тие турган накыл кеңештер экен. Азыр өзүм да китептеги маанилүү сөздөрдү кудум атамдай алдын сызып коюп окуйм, мен мани берген нерселерге менин балдарым да мани берсин деп”, – деп.

Ал эми сиздин атаңыз китепти кантип окучу эле, урматтуу окурманым?

«Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат»

 

Жазгүл Жамангулова

 

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}