Аял бар жерде бакыт бар

Аял заты кандай жакшы. Наристе кезинде ата-апасына бейиш эшигин ачып берет. Бойго жеткен кезде күйөөсүнүн динин толуктайт. Эне болгон кезде кадамынын астында бейиш болот.

Бир киши аялы менен урушуп калат. Аялы ачууланып төркүнүнө кетем деген ойдо кийимдерин баштыгына салыштыра баштайт. Абалды түшүнүп калган күйөөсү аялына карап жылмайып, жылуу сөздөрдү айтып: \»Эмне кылып жатасын?\» — деп сурайт. Аялы: \»Жайкы кийимдеримди салыштырып, кышкы кийимдеримди чыгарайын дедим эле\»- деп жооп берет.Аял заты назик келет, аларды бир жакшы сөз ыраазы кылып, бир жылмайуу кайгы-капасын кетирет.
Өз аялына кичи пейилдик, жумшактык жана сылыктык менен мамиле кылуу-чыныгы эркектердин сыпаты.

***

Аялы менен акыйлашкан жаш жигит акылмандан акыл сураптыр.
— Айтыңызчы, үй ээси деги кимибиз? Аял мага баш ийиши керек го.
— Кимиңердин кабагыңарда жылдыз жанып, үйдөгүлөрдүн жүрөгүнө таң атырып, көргөн-билгендин көөнүнө чырак асып турса, ошол үй ээси. Кимиңердин кабагыңарда иңир жабылып, бирок үй ичи жылт-жулт этип турса, ал мүлк ээси.

Ак жоолук

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}