Аял-эне, аял-жар

“Эне” деген атка татыктуу аялга даңк: анын сүйүүсүндө чек жок, анын эмчек сүтү менен бүткүл дүйнө азыктанган. Адам баласындагы бардык асыл нерселер күндүн нуру менен эненин сүтүнөн жаралган. Ошондуктан биз жашоону сүйүүгө мажбурбуз. М. Горький.Үй оокатына жок аял үйүнөн бакыт таба албайт. Үйүнөн бакыт таба албаган аял бакытты эч жерден таба албайт. Л. Толстой.

Атактуу адамдардын көпчүлүгүнүн энелери мыкты болгондугу таң каларлык далил, алар атасына караганда энесинен көп тарбия алышкан. Бокль

Мен үчүн аялдын эки гана түрү маалым: биринчиси — бизди азапка салса, экинчиси — биздин азабыбызды тарткан. Биздин азабыбызды тарткандардан мен бирөөнү гана билем. Ал – менин энем. Эзоп

Жарык дүйнөдө бардыгы сонун, бирок ошолорду көркүнө келтирип турган жароокер жакшы жар болот. Магомед Мусаев ( Чечен эл жазуучусу)

Бир туугандарыбызды, аялыбызды, атабызды сүйгөнүбүз менен жан кыйналганда ар дайым оозубузга биринчи энебиз келет.Н. А. Некрасов

Римдик бир байдын аялы өзүнүн кымбат баалуу асыл буюмдардан турган жасалгасы менен мактанып курбусуна: “Сенин эмнең бар?” — дегенде курбусу балдарын көрсөтүп: «Менин жасалгам да, байлыгым да ушулар», — деп жооп бериптир. Италия элинен

Аял менен эркек – турмуштун эки түрдүү нотасы. Ансыз адам баласынын ички дүйнөсүнүн кылдары туура чертилип толук күүгө келе албайт.Ж.Мадзини

Жакшы жар — жайнаган дөөлөт, жаман жар — жабышкан мээнет. Талмуд

Аял канчалык сулуу болсо, ошончолук абийирдүү болууга тийиш. Мына ошондо гана сулуулуктун кырсыгына каршы туруштук бере алат. Лессинг

Аял башка кыйынчылык түшкөндө — тоодой арка, жүрөктө сүйүү оту жанганда – мыкты сезимдердин энеси. М. Горький

Адамдын жүрөгү жөнүндө айтканда эркектер аялдардан чечкиндүүлүк кылышат, ал эми аялдар болсо жүрөк маселесин эркектерден мыкты түшүнүшөт. Ж-Ж. Руссо

Аялды сүйө билүү, анын сулуулугуна таазим этүү — адамдын жеткен акылкөйлүгү. Анткени аялга болгон сүйүүдөн жер үстүндөгү бардык асылдыктар жаралган. М. Горький
Аялың чанып кетсе, анын сүйүүсүн сактай албаган өзүңдөн көр. Н. Добролюбов

Жакшы аял турмушка чыгып бакыт тартуулоого убада кылат, жаман аял болсо аны күтөт. В. Ключевский

Эгер аял күйөөсүн сүйүүдөн калса, анда ал бүт нерседен кечет. А түгүл, табигый боорукерлигинен да. Ж. Лабрюйер

Аял китептей эле, аны кармап турууга жакын досуңа да бербеш керек. Н. Лесков

Эне негизсиз жерден жек көрбөйт. Ж. Блэкки

Өзүнүн жамандыгын билбей көпчүлүк эркектер аялынын жакшы болушун талап кылышат. Л.Н.Толстой

Сен урматтап сүйгөн аял затын сенин көзүңчө корсунтууга эч кимдин акысы жок. Р. Роллан

Карыса дагы эрине жаш көрүнгөн аял — бул дүйнөдө колунан мээр төгүлгөн аял. Фирдоуси

 

Топтогон: Жыпара Дөөтказы кызы

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}