«Аз да болсо өз акылың болсун»

Орустун улуу жазуучусу, орус адабиятынын көрүнүктүү өкүлү Максим Горькийдин чын аты- Алексей Максимович Пешков болгон. Бул улуу калемгердин «Эне» («Мать»), «Менин университеттерим» («Мои университеты»), «Климан Самгинин өмүрү» («Жизнь Клима Самгина»), «Үчөө» («Трое»), «Керексиз адамдын өмүрү» («Жизнь ненужного человека») ж.б чыгармаларын окубаган жок чыгар. Төмөндө Максим Горькийдин таамай айтылган сөздөрү, ой толгоолору топтолду

●●●●
Кээ бир адамдар менен учурашкан соң, ит менен кол алышып, маймылга карап жылмайып, пилге барып таазим этким келет.
●●●●
Адам ар дайым колу жетпеген нерсени кыялданып жашоосу кажет. Себеби, бийикке кол созгон сайын адамдын бою да, ою да өсөт.
●●●●
Адамдын маданияттуулугун-анын аял затына болгон мамилесинен аныктоого болот.
●●●●
Кээде, баткакта жүргөн адам жибекке оронгон адамдан да таза болот.
●●●●
Адам- баарын жасай алат…эгерде чыныгы каалоо, ыклас болсо.
●●●●
Бакыт сенин колуңда турганда кичинекей болуп көрүнөт. Качан гана колуңдан учкан соң бакыттын баркын жана кереметин түшүнөсүң.
●●●●
Адам жакшыны кыялданса, өмүрүндө баары жакшы болмок.
●●●●
Жакшы күлкү-руханий саламаттыктын белгиси.
●●●●
Аз да болсо өз акылың болсун.
●●●●
Билим менен куралданган адам-жеңилбес адам.
●●●●
Кайгы муң махабаттын аркасынан ээрчиген көлөкө

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}