Аз сүйлөп ийгиликке жеткен адам

1800-жылдын орто ченинде “Rock Island” темир жол каттамы Рок Айленд менен Давенпорттун ортосунда бир көпүрө курмакчы болот. Ошол убакта буу кеме каттамдары чоң киреше менен иштеп жаткан болот. Батыштагы дыйкандардын алган түшүмдөрү арабалар менен дарыяга чейин ташылып, кемелерге жүктөлүп отуруп, сатылуучу жерге кыйынчылык менен жеткирилчү. Темир жол каттамы көпүрө курса, кирешеси азаярын билген буу кеме кожоюндары ишке тоскоол боло башташат. Ушинтип отуруп сотко чейин жетет. Байыган кеме ээлери ошол убакта эң күчтүү жана атактуу Вид деген адвокатты жалдашат. Сотто Вид эки саатка чейин таасирдүү сөздөрдү сүйлөп, узакка созулган кол чабууларга татыктуу болот. Анын артынан Рок Айленд каттамынын адвокаты ордунан турганда, ага аянычтуу көздөр менен карашат. Виддин курч жана күчтүү коргонуусунан кийин “ал эмне демек эле” дешмек. Жаш адвокат Видге окшоп эки саатка чейин сөз сүйлөп отурбады. Жадагалса, беш мүнөткө деле жетпеди сөздөрү. Ал мындай деген эле: “Кадырлуу кесиптешимдин таасирдүү жана таамай сөз сүйлөгөндүгү менен куттуктайм! Мындай кызыктуу сөздөрдү жашоомдо биринчи жолу угуп отурдум. Эми негизги маселеге кайрылсак, сот калыстары иликтеп көрүп, кесиптешимдин сөздөрү азыр чечилип жаткан көйгөйдүн өзөгүнө тийиштүү эместигин байкайт деп ойлойм. Анткени бул жерде каралып жаткан маселе: карапайым калктын ал жээктен бул жээкке жүк ташып, кыйналышы туурабы же дарыяны ашып өткөнүбү? Сот калыстарынын милдети мына ушуну чечип берүү деп ойлойм”.Сот калыстары жогорудагы маселеге көңүл бурушат да, атактуу адвокаттын таасирдүү сөздөрүн анча таанылбаган адвокаттын кыска кеби жеңип чыгат. Кийинчерээк атактуу болгон бул адвокаттын аты Авраам эле. Көп өтпөй ал президент Линкольн деген ысым менен дүйнөгө таанылат.

Тил кылычтан да өткүр: адамды адам кылат, аша чапса, жаман кылат. (эл макалы)

Тилди бош койсо, тишти сындырат. (эл макалы)

Тоодой сөздү бергенче, берметтей ишти бер. (эл макалы)

Үмүтсүз адам – тирүү өлүк,
Үмүттүү жаша түбөлүк.
(Нурмолдо Наркул уулу)

Көп угуп, аз сүйлөшүбүз үчүн эки кулагыбыз менен бир тилибиз бар. (Диоген)

Даярдаган Асел Болотбек кызы.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}