Ажонун күндөлүгүнөн («Ант» романынан үзүндү)

«Адам руху менен ниетинин киндиги туташ болсо керек. А ниетти дайыма оңдоп туруу абдан оор экен. Бир тилемчиге жүз дилде берем деп колун чөнтөгүнө салып, бирок бир гана дилде алып чыгып сунган адам тууралуу икая уккам. Чөнтөгүнө колун салып чыкканча ниети ушунчалык өзгөрүп, ушунчалык пейили тарыптыр.Мен да ниетимди такай оңдоп турууга аракет кылам. Мамлекет башына өзүмдү гана ойлобостон, эл-жериме жан үрөп кызмат кылсам деген ниет менен келгем. Ошол ниетимди эске салып туруучу даанышман Жусуп Баласагын атабыздын «Кут алчу билим» аттуу китеби дайыма иш үстөлүмдүн үстүндө турат. Падышалар тууралуу «Дүнүйөлүк жакшылыктарды кабыл алып жатып, акыретти эсиңден чыгарба», – деп жазыптыр жарыктык киши. Мамлекет башкаруу үлүшү, ушунча кадыр-барк жана байлык – дүнүйөлүк баалуулуктар. Буларды кандай колдонуп, кандай пайдаланганым тууралуу ушул жакшылыктарды Берүүчүнүн алдында жооп берчү учурду эстөөм кетирген кемчиликтерим үчүн тообо келтирип, ниетимди такай тазалап, оңдоп туруума себеп болот. Эгер, адамдар айткандай, өлкөмдүн өсүп-өнүгүшүнө кандайдыр бир тиешем болсо, анын биринчи себеби эле ушул – Кудайдан коркконум, Ага сыйынганым. Болбосо, пенделик напсинин чеги жок тура. Көз деген тойбойт экен. Канча падышалардын, байлардын түбүнө ошол тизгинделбеген напсилери жетпедиби».

*****

«Сүйүү – рухту нурдантат белем… Мага СҮЙҮҮ келген түнү дилимдеги таарынычтардын баарын кечирип, кимди таарынтсам баарынан кечирим сурагым келди. Баягы кызгануу, ич тардык сезимдерим кайдадыр житип кетип, алардын ордун мухиттей мээрим, боорукерлик, жан күйүү сезимдери ээлеп алды. Ааламда бир да жаман адам, жаман сезим, жаман ой, жаман ниет, жаман нерсе жоктой, бүткүл табийгат жалаң жакшылык-берекеге оронгондой, тазалыкка жана тунуктукка маарыгандай жүрөгүмө бейпилдик келди. «Бакытты сырттан эмес, өзүңдөн изде» деген акылмандын кебине ошондо гана терең маани бердим. Болбосо, мен ошончолук өзгөргүдөй ааламда эч нерсе өзгөргөн жок. Болгону ааламды кабылдоом өзгөрдү. Өзүм өзгөрдүм. Бул өзгөрүүнү, бери эле дегенде, ааламга кайра жаралуу менен салыштырса болот. Бар нерсени кандай кабылдасаң, бактың ошого жараша эле болот тура. Апам «жакшы дей берсең, жаман да жакшы болуп кетет» деп көп кайталайт. Ошол сааттарда жаман, терс, жагымсыз деген түшүнүктөрдү сөз байлыгымдан, аң-сезимимден сызып таштадым. Мага жашоо жомокко айланып кеткендей сезилди…

*****

«Жаштарыбыздын арасында батыш менен чыгыштын илим-билимин үйрөнүп, дүйнөлүк тилдерде түш жоругандар көбөйгөнү менен, ата салтын жана наркын сыйлоо, түпкү уңгубузду үңүлө таануу алсызданып бара жаткансыйт. Өзүбүздүн баалуулуктарды чанып, барган жеринин маданиятын, каадаларын жана жашоо образын туу тутуп, сиңирип келгендер да аз эместей. Асмандагы бардык жылдыздар биригип бир бүтүндүккө айланса, түнкү асман азыркы кооздугун жоготорун, ар бир жылдыз түсү, көлөмү, нуру, жашы жана аралыгы ар башка болуп, кайталангыс, өзүнө гана тиешелүү сулуулукка ээ экендиги үчүн аалам айдыңын көркүнө чыгарып турганын ойлоду бекен ошолор. Анын сыңарындай, ар бир элдин тарых-таржымалы, ыйык баалуулуктары, маданияты жана нарк-насили да башкаларга окшобогондугу, кайталангыстыгы менен баалуу экенин, тилекке каршы, баары түшүнө беришпейт. Башкалардан үйрөнчү нерселерди үйрөнүшсө да, ошол жаштарыбыз, биз жамандыр-жакшыдыр өзгөчөлүктөрүбүз бар үчүн өзүнчө эл экенибизди, айырмаланганыбыз үчүн башкаларга кызык экенибизди унутушпаса. Анан да чет элден алган илим-билимин колко кылып мен-менсингендер, текеберденгендер көбөйүп бараткансыйт. «Илим даанышман адамды жоошутуп, майда адамды көптүрөт» деген накыл кеп бар го. Чет жактан окуп келүү көп жаштарды жоошутуп, жупунулаштырбай эле, көкүрөк кердирип, мансап кумарын, дымагын тизгиндөөнү унуткарып, өзүн өзгөчө сүйүүгө үйрөтүп жатабы деп санааркайм. Мунун аягы рухий туңгуюкка алып барышы ыктымал. Балким, мен адашып жаткандырмын. Ылайым эле ошондой болсун. «Жаштар мурдагыдай болбой калды» деген арыз-муң тээ миң жылдар мурда деле байма-бай айтылчу экен. Аталар менен балдардын ортосундагы түшүнбөстүк, ошентип, адамзат ааламды мекендеп турган мезгил аяктагыча улана берет шекилдүү».

*****

«Ашкере мактоо да, мактануу да рухту мокотот, керек болсо кууратып керектен чыгарат деп ойлойм… Өзүмө ылайыксыз болгон мактоо сөздөр мени кандай ыңгайсыз абалда калтырарын билгендер аз. Эмне кылмак элем, башты бийик көтөрүп, ырахмат айтуу менен кабыл алып коём. Антпегенде «жылуу сөз, таттуу кеп айтпагыла» деп баарына тыюу салмак белем. Жан-алы калбай, чаң жугузбай мактап жаткандарды алка-жакадан алмак белем. Андай болгон күндө эле «жакшы сөз жарашпаган», «ырысын көтөрө албаган», «мактоо жакпаса, анда ашмалтайын чыгара сындайын» деп кекенгендер чыкпайт деп ким кепил болот? Бир жагынан мактоочунун шагын сындырып, көңүлүн оорутуп албайын деп кашкайтып тишти көрсөтүүгө туура келет. Элибиздин кулк-мүнөзү ошол болсо кантем? Тээ батыш менен чыгыштын өнүккөн өлкөлөрүнүн төбөлдөрү өз даректерине мен жана бизге канатташ өлкөлөрдүн башчылары уккан мактоолорду укса, мактап жаткан кишини акыл-эси соо эместей кабыл алса керек. Анткени ал элдердин маданиятында чоңдорду мактоо деген жок. Катардагы адамы деле өлкө башчысынан тартынып, кысылып-кыпчаңдабай жакшы жагын жакшы, жаман жагын жаман деп бетке айтып коюшарына күбө болуп эле жүрбөйбүзбү… Мактоонун баары эле чын ыкластан болгон сыйдын белгиси экенинде шегим бар. Айкөлдүк менен ысырапкорчулук, сараңдык менен үнөмдүүлүк сыяктуу эле сый-урмат менен кошоматчылык да кайнаса каны кошулбас нерселер. Ошолорду чаташтырып алгандан сактасын Жараткан. Мактоо айткандын баары эле жакшы санаалаш боло бербесин да билем. Тээ алыскы, тропикалык өлкөлөрдө анаконда деп аталчу чоң жыландарга аңчылык кылгандар жыланды тутуш же өлтүрүш үчүн коёндун жагымдуу териси менен маңдайынан сылап, ишенимине кирип, уйкусуратарын кичинемде географиядан берген агайымдан уккам. Чын-төгүнүн ким билсин, бирок адам үчүн мактоо ошол жыландын бешенесине майдай жагып мемиреткен коёндун жагымдуу терисиндей эле туюлат мага. Андыктан айрым мактамайлар – душманымдын мага карата колдонгон курал-жарагы болушу да мүмкүн экенин эч качан эсимден чыгарбашка аракет кылам. «Душман сүйдүрүп айтат» деген накыл бар эмеспи. Мага карата айтылган жакшы сөздөр үчүн чын ыкластан ыраазы болмокмун, эгер кызматымдан кеткенден кийин айтылса. Мусулмандардын «бардык мактоолор жалгыз Алла Таалага» дегени айныксыз чындык. Өлкөмдө болуп жаткан жетишкендиктер үчүн да бир Жаратканга ыраазы болом. Анткени ар күнү эртели-кеч эл-жериме тынчтык, ынтымак, ийгилик жана бакыт каалап Ага кайрылам, сыйынам жана жалбарам. «О, Жараткан, адамзатка, анын ичинде менин элиме ыйман, береке, оомат бер. Туура жолго сал, адаштыра көрбө. Түндүн да, күндүн да балээлеринен сакта. Оорулууларына шыпаа, байларына берешендик, аалымдарына нысап, залимдерине топук, кедейлерине сабыр бер. Адамдардын карым-катнашын, мамилелерин жакшырт. Эмгекке болгон сүйүүсүн күчөт. Адеп-ахлагыбызды бекемде. Өкүмдар катары мага адилеттүүлүк бер. Жүрөгүмдү мерез, кулагымды керең кылба. Акылымды тунук, кабыл алуумду кең кыл, тилимдин байланганын чеч. Эл журтума керегим, пайдам тийип, батасын алып, Өзүңдүн ыраазылыгыңа ээ болуу бактысын буюр», – деп тилек кылам

*****

«Балага ат коюу кандай сыймыктуу да, жоопкерчиликтүү да, татаал да озуйпа. Болгону бир гана сөз, бирок анда не деген гана терең маани, аруу тилек-ниеттер камтылган. Кээде ал өткөн тарыхка болгон урмат-сыйды, таазим этүүнү, кээде келечектен үмүт-кыялдарды чагылдырат. Бир гана сөз… Бирок сөздүн да эпкини, кудурети болорун ким билбейт. Ошондуктан ат коюп жатканда периштелер ошол атка жарашыктуу бол деп бата беришет деген ишеним бар элибизде. Биздин үй-бүлөлүк салтыбызда балага чоң атадан эч ким өтүнүп ат коё албайт. Ал берген ысым баланын ата-энесине же бир туугандарына жакпай турса да кабыл алууга аргасыз. Байыртадан улууну урматтаган калкыбыз аксакалынын сөзүн жерге таштамак мындай турсун, эгерим эки кылган эмес. Назарын сындырып, каргышына калуудан корккон. Ошон үчүн ар убак жакшы адеп, сылык мүнөз жана баш ийүүчүлүк менен чоң кишилердин көңүлүн көтөрүп, ыраазы кылып, ак батасына арзууга аракет кылышкан. Азыр эми, аттиң, андай болбой калды… Ага бир жагынан аксакал деген керемет сөзгө татыбас абышкалардын көбөйүп баратканы да себепкер. Бул – өзүнчө башка кеп… Бирок апам, мүмкүнчүлүк болсо, мага өзү каалаган атын бергиси келет. А мындай мүмкүнчүлүк бар болчу, анткени менден улуу агам менен эжемдин ысымдарын чоң атам ыйгарган. Андыктан ыгын тапса үчүнчү балага ат берүү укугун пайдаланганы үчүн ата-энемди эч ким күнөөлөбөйт эле. Апамдын акылында мага арналган эки ысым болуптур: биринчиси – Тазажан, экинчиси – менин өз атым. Тазажан дегени мен төрөлгөндө тынбай үч күн жамгыр жаап жатпайбы. Жазгы жамгырдан кийин аба да, теребел да тазарарын, жашылданарын ким билбейт. «Таза болсоң суудай бол – баарын жууп кетирген» деген да накыл кеп бар. Анан калса, сырткы жана ички тазалык – бул бакыттын башаты, рухтун азыгы, кубанычтын кенчи, жүрөктүн жана жан дүйнөнүн сулуулугу, нуру жана бейпилдиги экенин, анын аралык жана мезгил мейкиндигинде тээ алыстарга чейин жетүүчү көөнөргүс улуу касиети жана шарапаты бардыгын, өзүңдүн гана эмес, жакындарыңдын, келечек урпактарыңдын тамырына куюлган мүрөк суу сыяктуу болорун насили таза апакем терең түшүнсө керек».

Нуржигит Кадырбеков

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}