Бааланбаган баалуулук

Американын Бостон шаарында дүйнөгө атагы чыккан композитор концерт берип, концерти аншлаг менен өттү. Билетинин орточо баасы 100 доллар болгон бул концертти угуу үчүн дүйнөнүн ар тарабынан келип жатышты. Анын концертине кирүү өзүнчө чоң сыймык эле…Ал концерт өткөндөн эки күндөн кийин Вашингтондун ири метролорунун биринин жанында январдын суук таңында бир адам тикесинен тик туруп алып скрипкада ойной баштады. 45 мүнөттүн ичинде 6 чыгарманы аткарды. Адамдар бул учурда жумушка кетип жаткан убак болгон үчүн 45 мүнөттүн ичинде анын жанынан миңден ашык киши өттү. Бирок ошончо кишинин ичинен болгону алты киши ойнолуп жаткан музыкага кызыгып, угуу үчүн бир аз токтоп туруп калды, жыйырмадай адам токтобостон бир аз акча таштап өттү. Ошентип, бул адамдын эртең мененки тапканы 32 доллар болду.

Канчалаган адамдар өтүп жатканы менен, ага көңүл бурган башка жан болбоду. Өтүп жаткандардын эч бири бул скрипка ойногон адам – дүйнөдөгү эң белгилүү музыканттардын бири, эки күн мурун Бостондо жеке концертин койгон Джошуа Белл экендигин билген жок. Ал эң татаал болгон композицияларын ойноп жаткан эле, ал эми ошол чыгармаларын ойногон скрипкасы 3,5 миллион долларлык скрипка болчу. Анын чыгармаларын угуп калуу үчүн билетинин баасынын кымбаттыгына карабай кире турган адамдардын бири да бул күнү улуу таланттын бекер «концертине» көңүл бурбады.

Чынында, бул атактуу композитордун метродогу оюну «Вашингтон Пост» гезити тарабынан адамдардын табигый табитин, кабыл алуусун жана ага карата мамилесин текшерүү үчүн жүргүзүлгөн атайын тажрыйба эле. Тажрыйбанын негизги суроосу: биз чыныгы сулуулукту, улуулукту, кооздукту ар убак сезебизби, же болгону аты үчүн, даңкы үчүн, белгилүү болгону үчүн баа берип, ошого жараша мамиле кылабызбы? Татыктуу нерсеге баа берүү үчүн аз да болсо убакыт бөлө алабызбы?… Ошентип, бул тажрыйбанын жыйынтыгы жогоруда белгилүү болду.

 

Айбат

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}