Бадам менен жаңгактын пайдасы

Бадам менен жаңгак көпчүлүк сүйүп жеген жемиш экени талашсыз. А бирок алар инсан организми үчүн канчалык даражада пайдалуу экенин анчейин биле бербейбиз. Эмесе жаңгак менен бадамдын пайдалары тууралуу кеп кылабыз.Жаңгак аппетитти жоголгондор үчүн абдан пайдалуу. Жаңгак аппетитти ачып жиберет. Бадамда болсо мындай көрсөткүч жок. Инсан үчүн белок абдан керек. Себеби ал булчуңдардын алсырашына же бекемделишине түздөн түз таасир этет. Бир бадамда 13 грамм белок болсо, жаңгакта бул көрсөткүч 9 граммды түзөт. Демек, бадамда жаңгакка караганда белок көбүрөөк даражада. Бадам менен жаңгакта кальций да бар. Инсан организмине кальций жетишпесе анын сөөктөрү морт болуп, сынганга жеңил болуп калат. Бадамда 313 миллиграмм кальций болсо, жаңгакта бул көрсөткүч 63 миллиграммга жетет. Жаңгакта 2006 миллиграмм омега-3 май кислоталары бар. Ал нерв тукумдарын формасына келтирип, акыл-эстин алсызданышын алдын алат. Бадам менен бирге пайдаланылса продукция дагы да пайдалуу болот. Урматтуу окурман бул көрсөткүчтөрдү билүү менен туура жана керектүү нормада пайдалануу сунушталат.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}