Бактылуулукка жол…

Бактылуу болуу бул – ар бир адамдын өз колунда. Ал эми ар бир пендени бактылуулук жолуна алып барчы нерсе анын ниети, тилеги, инсандык жеке сапаттары жана аракети. Бакыт дүйнөсүнө баруу өтө эле машакаттуу эмес, болгону айрым жагдайларга маани берүү гана керек.1. Мал-мүлккө, материалдык жетишкендиктерге маашырланып ашыкча сүйүнбөш керек. Анткени “Акча колдун кири” (Макал). Андан ажырап калуу ага толук ишеним арткандарды азап-муӊга салары турган иш. Андыктан жараткан берген белектер анын жолунда, Ал ыраазы боло турган иштерде коротулса анда ага кайгырбай, тескерисинче руханий ырахат аласың.

2. Бул дүйнөнүн оош-кыйышы, өйдө-төмөнү көп болот эмеспи. Кандайдыр бир көйгөйгө тушугуп калган учурда, адам үмүтсүздүккө чалдыкпай өзүнүн ишенимине таянып, руханий чыйралууга өтүүсү керек.

3. Адам баласы жашоосунда ар кандай окуяларга күбө болот. Бул чындыкты алдын ала аӊдап кабыл алуу зарыл. Ошондо кайгылуу окуяларга да, кубанычтуу көз ирмемдерге да кандай мамиле кылып, кандай абалда болуу керектигин түшүнөт. Анан дагы эмнеге кайгырып, эмнеге кубануу керектигин билүү дагы маанилүү.

4. Адам баласы көбүнчө кыял менен жашайт. Бирок ошол кыялданган нерселер реалдуулукка жакын болсо, анда адам жетпей калган арзуусуна, кармай албай калган мүмкүнчүлүктөрүнө кайгыруусун жүйөлүү деп караса болот. Анткени инсанды бактысыздыкка жетелеген факторлордун ичинде акылга сыйгыс кыялдарынын ишке ашпай калганына кайгырып, өзүн азапка салгандыгы болуп саналат.

5. Бакытты башка жактан издебейли. Бакыт – ар бир адамдын үй-бүлө уясында. Ошондуктан ар бирибиз өз үй-бүлөбүздөгү бакыттын баркына жетели. Ата-эне, бир туугандар, өмүрлүк жар, бала-бакыра… Мына бакыт…

6. Ден-соолук бул – эң чоң бакыт. Албетте бир эле өзүбүздүн эмес, жакындарыбыздын ден-соолугунун чыӊ болушу да биз үчүн маанилүү.

7. Ички дүйнөбүздү өзгөртүүгө кандай аракет кылган болсок, сырткы дүйнөбүздү өзгөртүүгө да дал ошондой жан үрөйлү. Анткени ички-сырткы дүйнө бүтүндүгү болбосо анда адамдын жашоосунда хаос болору шексиз. Үй-бүлө мүчөлөрүнөн тартып, жакындарыбыз, досторубуз, кошуналарыбыз менен байма-бай баарлашып, кайгыны да, кубанычты да бөлүшүп турууну унутпайлы. Өзүбүз жакшы көргөн нерселерди башкаларга да ыраа көрөлү.Бир сөз менен айтканда башкаларга өмүр тартуулоо үчүн жашайлы

Шоокум

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}