Бала тарбиялоодо бул каталарга жол жок!

Балалуу же бала күтүп жаткан ар бир ата- эне келечекте наристесинин адептүү, тарбиялуу болушун каалайт жана буга чоң күч жумшайт эмеспи. Ал эми төмөндөгү беш ыкма, сиздин бала тарбиялооңузга жардам берет.1. Балаңызга ачууланбаңыз
Албетте, кээде чектен ашкан баланын тентектиги үчүн ачууланып, урушкан сөздөрдү айтпай койбойбуз. Бул катачылык болуп эсептелет. Эмоцияга алдырбаңыз. Биринчиден, балаңыз өзүнүн жасаган туура эмес иштерине баа бере албайт, андыктан урушканыңызды түшүнбөйт. Сиздин ачууланганыңыз, кыйкырыгыңыз болгону көңүл бурдуртат. Экинчиден, өкүрүп- бакырып жатып, балаңыздын \»душманына\» айланасыз. А сизди өзүнө каршы кабыл ала баштайт. Тынымсыз уруштар болуп жатканда, бала өзүнүн жасаган иши үчүн эмес, ага карата сиздин кабыл алууңуз катары түшүнөт. Демек, урушуп тарбиялооңуз, келечектүү жана натыйжалуу эмес. Балага катуу үн чыгарбаш керек. Сабырдуу, жумшак, мээримдүү болуңуз. Сабырдын жемиши таттуу экенин эстен чыгарбаңыз.

2. Башкаларга салыштырбаңыз
Өзүнүн баласын башкалардыкы менен салыштыруу ата- энелер арасында өтө кеңири тараган көрүнүш. Бул катачылык. Сиз балаңызды башкаларга салыштыра берсеңиз, анда, балаңызда көрө албастык сезими пайда болот. Эң эле натыйжалуу салыштыруу бул, баланын өзүнүн кечээкиси менен бүгүнкүсүн салыштырып, мактоо болуп эсептелет.

3. Балага тыюу салган нерсени өзүңүз жасабаңыз

Бала үчүн идеалдуу үлгү ата- энеси болуп эсептелет. Андыктан алгач, өзүңүздү тарбиялап, туура эмес жорук- жосундарды көрсөтпөңүз.

4. Балага ашыкча сый көрсөтпөө

Айрыкча ислам дининде ата- эне менен балдардын өз-өзүнө тиешелүү укуктары болот. Албетте, бала ата- энесин угушу керек. Бирок, ата эне дагы анын пикирин сыйлап уга билүүсү маанилүү.

5. Идеалдуулукту күтүү

Дүйнөдө эч ким идеалдуу эмес. Башкача айтканда беш кол тең эмес. Катачылыкты ар бир адам кетирет. Андыктан балаңыздан идеалдуулукту талап кылганыңыз туура эмес. Анын да адашууга, кемчилик кетирүүгө укугу бар. Баланы өзү кандай болсо ошондой кабыл алуу маанилүү. Бирок баланы жакшыга шыктандырып, жакшысын ашырып, жаманын бир аз жашырып, изги иштерге жол көрсөтүп, кези келсе дос катары мамиле кылыңыз.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}