Бала тарбиялоодо колдонулбашы керек болгон 10 сөз

Тарбия берүү – улуу иш: ошол аркылуу адамдын келечек тагдыры чечилет. Андыктан психологдор баланы тарбиялоодо айрым маңызы жок сөздөрдү айтпай эле коюуга кеңеш беришет. Мейли балаңыз жаңы гана төрөлгөн болсо да, мындай нерселерди оозго алуу ашыктык кылат, себеби, алар баарын керек болсо, сиздин интонацияңыздан эле түшүнүп алышат. Бала тарбиялоодо колдонулбашы керек болгон 10 сөз:1.Сеники окшошпой жатат, келе берчи мен эле кылайын!
Дал ушул сөз баланы жаралаганы аз келгенсип, анын мээсин ийгиликсиздикке алдын-ала даярдап коёт. Ал өзүн акылсыз жана чоркок сезип, апакем кайрадан ачууланбасын деген ойдо келечекте демилге көтөрүүдөн корко баштайт.

2.Ал да, басылчы деги!
Чечимдериңизди чукул өзгөртүп жиберүү балага терс таасирин гана тийгизет. Мисалы, бала кечээ эле электр чайнеги менен ойноп жатканда тыюу салбай, бүгүн эле “ага тийгенге болбойт” деп калса, балада ишеним жоголот жана туруксуз ой калыптанат. Ыйласа дагы кайрадан аны менен ойноого болгон аракетин баштайт. Ою менен болуп бере калганыңызда ушундай жол менен жеңишке жетүүгө болот экен деп ойлойт. Эмки жолу андан да катуу ыйлаганга аракет жасайт. Ошондуктан башынан эле “жок”, “болбойт” дегенди үйрөтүңүз. Антпесе, бала апамдын “жок” деген сөзүн олуттуу кабыл алуунун кереги жок экен да деп түшүнүп алат.

3.Дагы бир жолу кайталанчу болсо, таарынба!
Тажрыйбалар көрсөткөндөй, коркутуп-үркүтүү жакшы жыйынтыкка жеткирбейт. Апасы да, атасы да эч кандай жаза бербейт, а бала болсо корккон абалда калат. Аталган сөз балага таарыныч гана алып келет. Андыктан балаңызды коркутуунун ордуна ага кайсы учурда кандай жаза күтүп турарын үйрөтүңүз. Кокусунан болгон жарылууңуз эч кандай жакшылыкка алып барбайт.

4.Мен сага токтот деп жатам!
Балага дароо минтип айтууга болбойт. Ал сиздин балаңыз да. Эгер кыйкырып алган болсоңуз, жакшысы кечирим сураңыз. Анткени бала өзүн эч нерсеге укуксуз сезип, таарынып калат. Ошол эле учурда басылуунун ордуна жаш балдар ыйлап, ого бетер чыргоолонуп, чоңоюп калгандары үн катпастан кетип калышат да, түнт боло башташат. Кыскасы, жогорудагы одоно сөз каалаган жыйынтыкка жетишиңизге түк жардам бербейт.

5.Сен бул нерсени түшүнүшүң керек…
Көпчүлүк жаш балдардын дал ушул сөзгө жана анын бүдөмүк уландысына келгенде коргонуу реакциясы келип чыгат. Жаш бала акыл-насаатты түшүнбөйт жана сизди укпастан башка нерселерге алаксып кетет. Бала кыжырданып, таарынып турган учурда сиздин айткан бир да насаатыңызга кулак түрүп койбойт. Ал дагы адам, анын да кандайдыр бир маселелери бар экенин эсиңизден чыгарбаңыз. Бул учурда сиздин эң баалуу, эң туура делген да кеп-кеңешиңиз ага таасир этпейт.

6.Балдар (кыздар) өзүн мындай алып жүрбөйт!
Дайыма муну кайталап туруу менен ата-энелер баланы белгилүү бир стереотиптерге үйрөтүп коюшат. Кийин бой тартканда бала өзүнүн эмоционалдуулугун татыксыз деп таап, а кыздар болсо, бул иш “айымдар үчүн эмес” деген түшүнүктөр менен өзүлөрүн чектеп, андан чыкпоого аракет кылып калышат.

7.Болбогон нерселерге капаланбачы, ыйлактабачы!
Балким бала үчүн бул нерсе болбогон нерсе эместир. Өзүңүздүн балалыгыңызды эстеп көрүңүзчү! Ооба, бала машинаны бербей койгону үчүн, же болбосо кубиктерден курган үйү кулап калганы үчүн кейиши мүмкүн. Анткени анын кичинекей дүйнөсү үчүн дал ушул машина менен үй эң маанилүү эмеспи. Балаңыздын көйгөйүнө тоотпогондук көрсөтүшүңүз менен анын сизге болгон ишеничин жоготуу тобокелдигине барып жатасыз. Мындан соң балаңыз сизге өтө орчундуу болгон маселелерин да айтпай калат. Бул өзүңүзгө эле жаман.

8.Менин ден соолугумду сакта!
Айрым апалар бул сөздү баласына өтө эле көп айтышат. Бирок, эртеби-кечпи бул нерсени балаңыз олуттуу кабыл алууну токтотуп, койчу менен карышкыр жөнүндөгү жомоктогудай эле болуп калат. Апасы чын эле өзүн начар сезип жаткан учурда да, бала адаттагысындай көңүл бурбай коюшу мүмкүн. Ал ойногонун, ызы-чуу салганын, секиргенин ж.б. токтошуш үчүн гана апасы ушинтип арызданып жаткандай ойлойт.

9.Муну сатып алганга акча жок!
Балага эмне үчүн баарын катары менен сатып алууга болбой тургандыгын түшүндүрүү оор. Бирок, аталган сөздөн бала ата-энемдин акчасы болгондо дүкөндөн бардыгын сатып алса болот деген гана бүтүмгө келет. Андан көрө балаңызга “мындай оюнчук сенде бар”, “шоколад өтө зыяндуу” деген сөздөр менен, эмне үчүн сатып бербей тургандыгын түшүндүрүшү керек.

10.Элдин балдарын карачы, а сен болсо илээнди, жүүнү бош ж.б…
Ушуга окшогон сөздөрдү балага “жармаштыра” берүүнүн кереги жок! Бул нерсе баланын өзүнө болгон баалоосун түшүрөт жана да бала ошого ылайык кыймылдай баштайт.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}