Балага өзүн алып жүрүүнү үйрөтүңүз

Психолог адистеринин айтымдарында, балакайлардын өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери — бул адамдарга мамиле жасоодо, коомдук жайларда, кийинүүдө жана баарлашуу учурунда сактала турган маанилүү сапат. Мындай эрежеге балакайды 3 жашынан баштап үйрөтүүнү баштоо зарыл.

Баарын сизден үйрөнөт

Балакай үчүн дүйнөдөгү эң жакшы көргөн адамдары ата- энеси болуп эсепелет эмеспи. Ошондуктан балага бир нерсени үйрөтүүдө алгач, ошол эрежени өзүңүз сактаңыз. Өзүн- өзү алып жүрүү эрежелерин үйрөтүүдө себебин кошо түшүндүрүңүз. Бала мындай шартта жакшы эстеп калат. Сейилдөөгө, театрга, киного же дүкөнгө барганда өзүңүз дагы, балакайды дагы татынакай, таза жана тыкан кийинтип алыңыз.

Маданий жайларда өзүн- өзү алып жүрүү

Музейге жөнөөрдүн алдында ага тиешелүү эрежелерди алдын- ала айтып коюңуз. Маселен, чуркаганга, катуу кыйкырып сүйлөгөнгө болбой тургандыгын жана андагы буюмдарды уруксатсыз кармабаш керектигин айтып бериңиз.
Театрга жөнөп жаткан учурда ага кечиекпей баруу маанилүү экенин айтыңыз.

Себебин кошо түшүндүрүңүз. Кечигип келсе, башка көрүүчүлөргө ыңгайсыздык жараатарын эскертиңиз. Ошондой эле катуу сүйлөөгө, тамак жегенге болбой тургандыгын түшүндүрүңүз. Балакайдын курсагын тойгозуп, театрга кирээрде, алгач, дааратканга алып барууну унутуп калбаңыз.

Башкалардын эмгегин сыйлоого үйрөтүңүз

Айрыкча пол жууган аялдын жумушу оор экендигин айтып бериңиз. Керексиз нерсени сөзсүз түрдө таштандыга салуууга үйрөтүңүз.
Мындан сырткары, төмөнкү сунуштарды да балакайдын өзүн- өзү алып жүрүү эрежерлерин үйрөтүүдө колдонуңуз

• Баары менен сый-урматта, жайдары болуу;
• Улуулар менен сүйлөшүп жатканда колун чөнтөгүнө салбоо, өзүн түз кармоо;
• Балдар менен саламдашканда, алардын аты-жөнүн айтуу
• Тазалык жана тартипти сактоо, абдан маанилүүсү — булгабоо;
• Улууларга, жолдошторуна жардам берүү. Жардам суроону гана күтпөстөн, тегерегиндегилерге көңүл буруп кароо
• Тыкан, жыйнактуу болуу милдети, бети, колунун тазалыгын сактоо, чач жасалгасына, кийиминин, бут кийиминин тазалыгына көңүл буруу маанилүү маселе болуп эсептелет.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}