Башка улуттар баланы кантип тарбиялайт?

Ар бир улуттун бала тарбиялоо ыкмасы бири-биринен бир топ айырмаланып турат. Ал ошол элдин менталитетине, салт-санаасына жана башка өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу болот. Бирок эң негизгиси баланы жакшы көрүп, аны түшүнүү менен тарбиялоону унутпоо зарыл.Франция. Француз айымдарында декрет алып үйдө олтуруп калуу деген түшүнүк жок. Балдар өз алдынчалуулукка үйрөнүүсү керек деген көз карашта жашаган француздар балдарын торолуп калгандан тарта бакчага беришет. Мектеп босогосун аттагандан баштап эле өздөрү катташып, а түгүл, соода түйүндөрүнө барып өз алдынча соода кылып келе алышат. Француз энелеринин эң катуу жазасы – баласы ойноп жаткан оюнчуктарын алып коюусу. Бирок физикалык күч колдонуп баланы ур-токмокко алуу Франция эли үчүн жат көрүнүш.

Германия. Немистер баланы 3 жаштан баштап акыл-эс жөндөмдүүлүгүн жогорулатуучу ар кандай ийримдерге алып барып акырындык менен балдар бакчасына көндүрөт. Андай ийримдерге катышпаган балдарды балдар бакчасы кабыл албайт. 90 пайыз немис үй-бүлөлөрү балдарына 8 жашка чейин телевизор көрүүгө тыюу салат. Болгону балдарга ылайыктуу мультфильмдерди гана убактысы менен көрүүгө уруксат беришет.

Италия. Италиялык үй-бүлөдө ымыркай жакын туугандарынын курчоосунда өсөт. Көпчүлүгү чоң үй-бүлөдө тарбиялангандыктан балдар бакчасына аз барышат. Ошол себептен италиялыктардын балдары абдан эрке чоңоюшат. Ата-энелер балдарын коомчулукта туура эмес иштерди кылып жатканын көрсө дагы көз жумуп коюшат. Бирок эрке өстүрүп туура эмес тарбия берип жатканына карабай алар балдарынын кылыктарын айтып жакын туугандарына, тааныштарына мактанганды жакшы көрүшөт.

Англия. Дүйнөдөгү эң тартиптүү балдардын дагы бир тобу Англияда тарбияланат. Аталган мамлекетте жубайлар 35-40 жаштан өтүп балалуу болгондуктан ымыркайынын тарбиясына олуттуу көңүл бурушат. Алар балдарын 2-3 жаштан тартып өзүн кандай алып жүрүү керектигин, эл менен кантип баарлашуу керектигин жана коомдук жайларда эмоциясын башкарып ачууга алдырбай жүрүү керектигин үйрөтүшөт. Англиянын көчөлөрүнөн балдарын обу жок эркелетип алардын оюндагысы менен болгон учурду чанда гана кезиктирбесе, басымдуу бөлүгү үйдө эркелетишет.

Кытай. Кытайлар ымыркай төрөлгөндөн алты айга чейин эле эненин сүтү менен багышат. Андан кийин наристе балдар бакчасында чоңоёт. Ошол себептен Кытайда бала багуучу деген түшүнүк жок. Кытайда балдарга кичинесинен тарта улууларды сыйлаганды жана тынымсыз эмгектенүүгө, сабырдуу болууга үйрөтөт. Кытай ата-энелери балдар сөзсүз түрдө пайдалуу иш менен алаксышы керектигин айтып, аларга шарттарын түзүп берет.

Араб мамлекеттери. Башкалардан айырмаланып арабдарда балдарынын тарбиясына 7-10 жашка чейин энеси жооп берет. Эгер баласы эркек болсо, анда 10 жаштан кийин анын тарбиясын атасы өз көзөмөлүнө алып спортко кызыктырат же эркектер өзүн кандай алып жүрүү керектигин үйрөтөт. Арабдарда аялзатынын биринчи милдети бала тарбиялоо болгондуктан алар балдарын балдар бакчасына бербей, өздөрү үйдө тарбиялашат. Ошол себептен алардын балдары чыгармачылык, жаңы технологияны ойлоп табуу илиминен артта калышат. Эң жакшы жери — араб мамлекеттеринде жалгыз бой эне же атасыз жетим балдар деген түшүнүк жок.

Япония. Балдарды беш жашка чейин хандай көрүп сыйлашат да, андан кийин катуу кармап катаал тарбияга өтүшөт. Бирок бала тарбиялоодо физикалык күч колдонбойт. Япон мектептеринде кичүү класстын балдарын улуу класстын балдары карап мектептен чыккыча анын коопсуздугу жана тамактануусуна, жүрүш-турушуна чейин жооп берет. Балдар милдеттүү түрдө таң атканда келип сабагы башталгыча ырдоо, бийлөө сыяктуу кошумча ийримдерге сөзсүз катышуусу керек. Мындан тышкары окуучулар арасында ким көп китеп окуганы жана көп ийримдерге катышкандыгы боюнча атаандашуу жүрөт. Япония мектептеринде ата-энелер чогулушу деген таптакыр болбойт. Мугалим ар бир ата-эне менен жеке жолугушуу өткөрүп баласынын жетишкендиктери менен кемчиликтери тууралуу сүйлөшүп турат. Япондор убакытты аябай баалашкандыктан лимит боюнча ар бир ата-энеге түшүндүрүү иштерине болгону 15 мүнөт гана убакыт берилет.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}