“Башкаларга үлгү болгонум үчүн Жаратканга ыраазымын”

Колу, буту жок төрөлгөн перзентин көргөндө Борис Вуйчич жубайы анын жүзү дароо өзгөргөнүн байкап калбашы үчүн тез арада бөлмөдөн чыгып кетүү керек экенин түшүнгөн. Ал көргөн көзүнө ишенген эмес. Качан анын жанына доктор келгенде, ал: “Баламдын колу жок бекен?”, -деп сурап баштады. Доктор: “Балаңыздын колу да, буту да жок”… Ал эми дарыгерлер баланы апасына көрсөткөндөн баш тартышып, мед айымдар кол, бутсуз төрөлгөн балага жана анын ата-энесине боору ооруп абдан ыйлашкан болчу.

Эмнеге?

Николас Вуйчич Австралиянын Мельбурнда шаарында, сербдик эмигранттардын үй-бүлөсүндө туулган. Апасы – медайым. Атасы – молдо. “Кудай эмнеге балабызды мындай кылып жаратты?” деп түшүнбөй, уулун ыйлап-сыздап жүрүп чоңойтушкан. Анткени, баары жакшы болчу, тукумдарында да андай жок. Кандайча?!.
Биринчи мезгилде Никти апасы колуна алгысы келбей, же эмизе албай кыйналчу. “Мен баламды үйгө кантип алып кетем, кантип багам, тагдыры эмне болот, жашообуз кантип өтөт” – деп көпкө ыйладым деп эскерет Душка Вуйвич.

\»Ошондо башыма таштай болуп катып калган суроолорум менен кимге кайрыларымды билбей турдум. Жада калса догдурлар да өздөрүн жоготуп, жооп таба албай жатышты. Төрт ай, төрт айдан кийин гана араң өзүмө келе баштадым. Жолдошум мага абдан үлгү болду, жардам көрсөттү.

Никтин сол бутунун ордуна таманга окшогон буту бар. Анын жардамы аркылуу ал сууга сүзгөндү, басканды, скейтте жүргөндү, ойногонду, компьютерде иштегенди жана жазганды үйрөнгөн. Ата-энеси анын майыптардын эмес кадимки мектепке баруусуна бардык күчүн жумшап тыянак чыгарышкан. Ник австралиялык кадимки мектептерде окуган биринчи мүмкүнчүлүгү чектелген бала болгон.

Өлүп калайын дедим…

Ник: “О, Кудай, мага кол жана бут берчи!” деп тилек кылып, эртең менен колум, бутум бар ойгонсом деп ниет кылып жатчу. Бирок, албетте баары ал ойлогондой болчу эмес да. Ал муну түшүнсө да үмүт кылгандан тажачу эмес. Ага ата-энеси атайын электрондук кол, бут сатып беришкен, бир чети алар абдан оор болгондуктан канча аракет кылбасын Ник үйрөнө албай койгон. Тажаганда ал өлүм тууралуу да ойлонгон. Бул тууралуу ал:

“Мен сууга чөгүп өлүп калайын дедим. Өзүмдү да, ата-энемди да кыйнагым келген жок. Ошон үчүн сууга чөгүп өлүп калгым келди. Анан бетимди сууга салып бир топ турдум, бирок көпкө кармалганга мүмкүн эмес болчу. Бул оюм ишке ашпай калды. Ушул учурда атам менен апамдын мени менен коштошуп жаткан учурун көз алдыма элестеттим. Анан өз өмүрүмө кол сала албашымды түшүндүм. Анткени, атам менен апамдын мага болгон сүйүүсү чексиз эле. Мен алардын мага болгон чексиз мээримин, сүйүүсүн гана көрчүмүн”.

“Кудай менин суроолорума жооп берген жок, демек, менин жүрөгүмдү, жан дүйнөмдү көбүрөөк өзгөрткүсү келет”

Андан кийин Ник өз өмүрүнө кол салуу тууралуу унутуп, “жашап эмне кылам?” деген суроолорду бербей калган. Бир күнү ага апасы: “Ник, сен кудайга керексиң, мен билбейм качан жана кантип? Бирок сен ага кызмат кыла аласың” деп айтып, башкаларга үлгү болгон, абалы оор оорукчандын баянын айтып берген.

Ник өзү Кудай тууралуу: “Мен Кудайдын жаратканымын. Кудай эмнени жана эмнеге жасап жатканын билет, ал эч убакта адашпайт. Ал менин суроолорума жооп берген жок, демек, менин жүрөгүмдү, жан дүйнөмдү көбүрөөк өзгөрткүсү келет ”,-дейт.

12 жашында Ник университетте финансылык пландоону окуган. Бир күнү ал студенттердин алдына чыгып 7 мүнөт сүйлөмөк, бирок 3 мүнөт өткөндөн кийин эле залдагы кыздар ыйлап, бир кыз көз жашын тыя албай сахнага чыгып аны кучактап, кол берүүнү суранат. Ал жанына келгенде кучактап алып: “Мага эч убакта, эч ким мени кандай болсом ошондой жакшы көрөрүн айткан эмес. Бүгүн менин жашоом өзгөрдү” дейт. Ошол күнү Ник үйүнө келип, ата-энесине ким болорун, жашоосунун аягына чейин эмне менен алектенерин түшүнгөнүн айтат. Атасы биринчи кезекте эле: «А университетти аяктоону пландап жатасыңбы?», -деп сурайт. Андан кийин башка суроолор да арты-артынан айтылат:

-Сен жалгыз саякаттайсыңбы?
-Жок.
-Анда ким менен?
-Билбейм.
-Эмне жөнүндө сүйлөйсүң?
— Билбейм.
— Сени ким угат?
— Билбейм.

Аракет кылсаң – берекет!

Бир жылдын 10 айында Ник сапарда жүрөт жана болгону эки ай гана үйүндө болгонго убакыт табат. Ал отуздан ашык өлкөлөрдү кыдырып, аны 3 миллиондон ашык элдер — мектептерде, карылар үйүндө, темир торлордо угушкан. Ник жылына 250 жолу эл алдында сүйлөп сабак өтөт. Жумасына Никке элдерге сүйлөп сабак өтүүсү үчүн үч жүздөн ашык ар кандай сунуштар түшүп турат. Ал азыр дүйнөдөгү эң таанымал, таланттуу профессионал оратор.

«Жашоодо сен көп жолу кулайсың жана мындай учурда кайра туралбайм деп ойлойсуң, тажайсың… Чынында ошондой гана сезилет. Ошондо сиз: “менде үмүт калдыбы?” деп ойлойсуз… Эми ушул жерден өзүм тууралуу айтпасам болбос. Менин колум да, бутум да жок. Мен чындап жыгылганда 100 жолу аракет кылсам да тура албасым анык. Бирок мен дайыма үмүт менен жашайм. Мен аракет кылгандан тажабайм. Мен бир нерсени гана билишиңиздерди каалайм – ишиңиз жүрүшпөй жатса – бул жашоонун бүткөнү эмес. Эң башкысы – багынбоо жана жыйынтык. Үмүт жана аракет, кыйын малда сынбоо – мага натыйжа берди»,-дейт кыйынчылык менен күрөшүү тууралуу маегинде Ник. Ал эл алдына чыгып лекцияларын өткөндө, аны дайыма жардамчылары көтөрүп, жөлөп-таяп жүрүшөт. Анын ушунча акылмандыгына, кайратына эл таңыркап көз жашын тыя албай ыйлашат. Ник сабагынын аягында дайыма Кудайга ыраазычылыгын айтып, ар бир адамдын жүрөгүндө Кудай жашаса, ыйманы бек болот. Ал эми ыймандуу адам бул жалганда эмнеге жашап жатканын жакшы түшүнөт деп айтат.

2012-жылы 12-февралда Ник Вуйчич Канаэ Миахар аттуу татынакай сулуу кызга баш кошкон. 2013-жылы 14-февралда Ник менен Канаэ уулду болушуп, атын Кийоши (Кийоши Джеймс Вуйчич) коюшкан. Ник азыркы учурда \»Attitude Is Altitude\» компаниясынын жана кайрымдуулук уюмдун президенти.

Де-Факто

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}