Башталат баары тарбиядан. Бала тарбиялоодогу негизги 6 шарт

Балага берген эң башкы белек бул – убакыт. Балаңыз менен чогуу өткөрүп жаткан убакта сиз сөзсүз түрдө наристеңиздин оюн, үнүн угуңуз жана көйгөйүн да сезе билиңиз. Муну менен сиз балаңызды мээримдүүлүккө жана башка нерселерге да көңүл бөлүүгө үйрөтөсүз.

Балаңыз сизге кандай керек экенин жана сиздин жашооңуздагы орду чоң экенин бат – баттан айтып туруңуз

Бала менен мүмкүн болсо көбүрөөк сүйлөшүп, анын жашоодогу орду чоң экенин айтып туруу керек.

Балаңызга маселе чечкенди үйрөтүңүз

Маселеден качуу – эң чоң туура эмес кадам болуп эсептелинет. Балаңызга кеңеш берип, колдоп — коштоп маселени туура чечүүнү үйрөтүңүз. Мүмкүн болгон көйгөйдүн жолун табуу үчүн чогуу аракеттерди жүргүзүп көрүңүз.

Баланы коркуу сезимдери менен күрөшүүгө үйрөтүңүз

Уят , көрө албастык жана жек көрүү. Мындай терс көрүнүштөр менен балаңыздын күрөшүсүүнө жардам бериңиз. Качан гана балдарыңыз мындай жаман сапаттардан арылгандан кийин гана психикалык жактан дени сак бекем болуп өсөт. Ошондо жөнөкөй башка адамдар менен мамиле түзө алган азамат уул — кыздардан болуп чоңойот.

Баланы күн сайын пайдалуу болууга үйрөтүңүз

Балаңыз кылган ар бир иш үчүн рахмат айтканды унутпаңыз. Анын жасап жаткан иши канчалык маанилүү экенин айтып туруңуз. Үй иштеринен чарчаганыңызды дайыма эле айта бербеңиз, бул баланы жалкоолукка үйрөтөт. Сизге жардам кылган ар бири иши үчүн ыраазычылык билдирип туруңуз.

Балага дүйнө ал элестеткенден татаал жана кызыктуу экенин көрсөтүңүз

Балага бир гана аны курчап турган дүйнөнү гана эмес, андан да чоң нерселерге кызыктырып ,окутуу зарыл. Башка үй – бүлө, башка өлкө жөнүндө айтып бериңиз. Бала менен ачык сүйлөшүп, баланы жакшы угуучу кылып тарбиялаңыз.

Маалымат менен бөлүшүүнү унутпаңыз

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

div#stuning-header .dfd-stuning-header-bg-container {background-image: url(http://nativewptheme.net/ninth/wp-content/uploads/2016/11/lady_2.jpg);background-size: cover;background-position: center center;background-attachment: scroll;background-repeat: no-repeat;}#stuning-header div.page-title-inner {min-height: 620px;}